Урматтуу мекендештер!

Ар жылы биз 3-декабрда Эл аралык майыптыгы бар адамдардын күнүн белгилеп келебиз. Бул күн майыптыгы бар адамдар биздин коомдун ажырагыс бөлүгү экенин, алардын колдоого, камкордукка жана көңүл бурууга муктаж экенин эскертип турат.

Кыргызстан үчүн майыптуулук темасы социалдык саясаттын гана маселеси эмес. Бул — коомубуздагы биримдиктин, жетилгендиктин жана ынтымактын көрсөткүчү.

Бүгүнкү күндө өлкөбүздө 221 миңден ашык майыптыгы бар адамдар жашайт жана алар ар бири коомдун толук кандуу мүчөсү жана  чоң потенциалга, талантка, кайраттуулукка жана эмгекчилдикке ээ.

Барыңыздарга белгилүү болгондой, Кыргызстан социалдык саясатты артыкчылыктуу мааниге ээ мамлекет. Бул багыттагы аракеттер БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө Конвенциясын ратификациялоо менен да бекемделген.

Аталган Конвенциянын максаты – майыптыгы бар чоңдор менен балдарга физикалык, экономикалык, социалдык, маданий чөйрөгө, билим берүүгө, саламаттыкты сактоого, маалымат жана байланыш системаларына толук жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.

Жеткиликтүүлүк саясатын системалуу негизде өнүктүрүү үчүн 2023–2030-жылдарга калктын аз мобилдүү топторуна арналган “Жеткиликтүү өлкө” мамлекеттик программасы кабыл алынган. Бул программа жашоонун бардык тармактарында – билим берүүдө, эмгек рыногунда, инфраструктурада, кызмат көрсөтүүлөрдө – атайын шарттарды түзүүгө багытталган.

Майыптыкты аныктоодо жана майыптыгы бар адамдардын мындан аркы ишке орноштурулушуна көмөктөшүүдө санариптик технологиялар колдонулууда. Нозологиянын негизинде информациялык система эми өлкөбүздүн каалаган аймагында майыптыгы бар адамды кайсы тармактар боюнча ишке орноштурууга мүмкүн экенин аныктай алат.

Кыргызстанда жыл сайын болжол менен 25 миңге жакын чоң киши Медико-социалдык экспертиза системасынан өтөт. Алардын ичинен 17,3 миң адам кайрадан активдүү жашоого жана эмгек ишмердүүлүгүнө кайтып келет. 8 миңден ашуун жаран толук эмгекке жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирсе, дагы 9,3 миң адам — жарым жартылай  иштөөгө мүмкүнчүлүк алып, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошууну улантат. Бардык маалымкаттар санарип форматка өткөрүлүп, “Түндүк” аркылуу жеткиликтүү.

2025-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын жаңыланган Эмгек кодекси кабыл алынып, майыптыгы бар адамдардын кошумча кепилдиктери, эмгек укуктарынын кеңейиши жана ишке орношуу шарттарынын жакшыртылышы каралды. Эмгек кодексинин 155-беренесине ылайык, кызматкерлеринин саны 25 жана андан көп болгон мекемелер жалпы кызматкерлердин санынан кеминде 4% жумуш орундарын майыптыгы бар адамдар үчүн милдеттүү түрдө караштырышы керек.

Санариптик маалыматтардын аркасында майыптыгы бар адамдар үчүн ылайыктуу жумуш орундарын тандоо процесси кыйла ылдамдады.

Министрлик тарабынан камсыздалган социалдык кепилдиктердин ичинен майыптыгы бар адамдарга төлөнүүчү социалдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү 6344 сомду түзөт, ал эми балдардын социалдык жөлөкпулунун өлчөмү 8 000 сом. Мамлекет жыл сайын социалдык төлөмдөргө 8,6 миллиард сом багыттайт.

“Майыптык – бул кандайдыр бир жөндөмдүн жоктугу эмес, башка мүмкүнчүлүктөрдүн болуусу” – деп австралиялык активист Янг Стелла белгилеген.

Биз жеткиликтүү жана жылуу маанайдагы чөйрөнү түзүүгө көмөктөшкөн ар бир жаранга, социалдык кызматкерлерге, коомдук уюмдарга терең ыраазычылык билдирем.

Бул күн баарыбыз үчүн боорукердиктин, сыйлоонун жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн маанилүүлүгү жөнүндө ой жүгүртүүгө себеп болсун.

Биз үчүн ар бир күн, дагы бир мүмкунчүлүк.

Баарыңыздарга чың ден соолук, жылуулук жана оптимизм каалайм!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К.Л. Сагынбаев

Денежные средства поступившие от спонсоров

Денежные компенсации
Уй булого комок
Ежемесячное социальное пособия
Оба родителя которых неизвестны
ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ!

Урматтуу жарандар! Биздин мекеменин ишине баа беруу учун QR- кодду сканерлеп, пикириңизди калтырыңыз. Мекеменин ишинин сапатын жогорулатууга Сиздин пикирлериңиз жардам берет.

ЖЕКЕ АССИСТЕНТ
Пайдалуу
Ссылкалар