Урматтуу мекендештер,

Эл аралык мигранттар күнүндө биз ар бириңиздерге — бүгүн мекенден алыс жүрүп, кайраттуулук, жоопкерчилик жана келечекке болгон ишеним менен эмгектенип жаткан жарандарга өзгөчө урмат-сый менен кайрылабыз. Сиздердин жолуӊуздар — бул чет өлкөдө эмгек аркылуу өзүн-өзү ишке ашыруу, үй-бүлөгө кам көрүү жана Ата Мекенге кызмат кылуу жолу.

Эмгек миграциясы жүз миңдеген кыргызстандыктардын тагдырынын маанилүү бөлүгүнө айланып, сиздердин чыдамкайлыгыңыздардын, эмгекчилдигиңиздердин жана татыктуу жашоого умтулууӊуздардын символу болуп калды. Азыркы шартта миграция Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн маанилүү фактору болуп саналат. Бүгүн Кыргызстандын жарандары Кыргызстандан сырткары — Россия Федерациясында, Казакстанда, Түркияда, Түштүк Кореяда, Европа өлкөлөрүндө, АКШда жана башка мамлекеттерде эмгектенип жатышат. Кайсы жерде болбоңуздар, сиздер Кыргызстанды татыктуу таанытып келесиздер. Өлкөбүздүн аброю, анын эл аралык бейнеси, элдер ортосундагы мамиле жана достук көп жагынан сиздердин эмгегиңиздер, жан-дүйнөӊүздөр, ак ниетиӊиздер жана адеп-ахлагыӊыздар аркылуу калыптанат. Чет өлкөлөрдөгү керектөөчүлөрдүн, кардарлардын, өнөктөштөрдүн жана кесиптештердин оң пикирлери сиздердин эмгегиңиздерге берилген эң жогорку баа болуп саналат.

Бүгүн мамлекет чет өлкөгө эмгек миграциясына кетүүнү каалагандарды алдын ала даярдоонун зарылдыгын терең түшүнөт. Квалификацияларды импорттоо саясаты чыгып жаткан жарандардын потенциалын жогорулатууга багытталган. Даярдыгы жогору жарандар жаңы көндүмдөрдү талап кылган, технологиялык деңгээли жогору рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Ошол эле учурда миграциялык процесстерди диверсификациялоонун, эл аралык эмгек рынокторуна чыгуу географиясын кеңейтүүнүн зарылдыгы да ачык түшүнүлүүдө.

Айрыкча баса белгилегим келет, чет өлкөлөрдө жашап жаткан мекендештерибиздин жашоосунда 20дан ашык мамлекетте иш алып барган диаспоралык уюмдардын ролу абдан маанилүү. Алар адаптацияга көмөктөшүп, укуктарды коргоп, эне тилди, маданиятты жана салттарды сактоого өбөлгө түзүп, тарыхый мекен менен руханий байланышты бекемдешет. Мамлекет бул ишти жогору баалайт жана коомдук, эл аралык аянтчалар аркылуу мекендештер менен туруктуу диалогду мындан ары да өнүктүрө берет.

Чет өлкөлөрдөгү жарандарды колдоо менен катар, мамлекеттик саясат мигранттарды кайтаруу жана ийгиликтүү реинтеграциялоого барган сайын көбүрөөк багытталууда. Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын жана Миграциялык саясат концепциясынын алкагында миграция маселелери өзүнчө стратегиялык багыт катары аныкталган. Негизги басым адамдык капиталды мекенде ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө жасалууда. Бул багыттагы жаркын мисал — «Мекеним 1+1» программасы, анын алкагында мигранттар жумушчу күч катары гана эмес, инвесторлор, ишкерлер жана аймактарды өнүктүрүүнүн активдүү катышуучулары катары каралат.

Миграциялык саясаттын маанилүү заманбап баскычы — Кыргызстан акырындап мигранттарды жөнөтүүчү гана эмес, кабыл алуучу өлкөгө айланып бара жатканы. Мыйзамдуу иммиграцияга, чет элдик адистерди интеграциялоого жана инвестицияларды тартууга шарт түзүү экономикалык жана социалдык өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Бул күнү сиздерге эмгегиңиздер жана кайраттуулугуңуздар үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Сиздерге чың ден соолук, коопсуздук, туруктуулук жана эртеңки күнгө ишеним каалайбыз.

Кыргыз Республикасынын
эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри
К.Л. Сагынбаев

Денежные средства поступившие от спонсоров

Денежные компенсации
Уй булого комок
Ежемесячное социальное пособия
Оба родителя которых неизвестны
ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ!

Урматтуу жарандар! Биздин мекеменин ишине баа беруу учун QR- кодду сканерлеп, пикириңизди калтырыңыз. Мекеменин ишинин сапатын жогорулатууга Сиздин пикирлериңиз жардам берет.

ЖЕКЕ АССИСТЕНТ
Пайдалуу
Ссылкалар