Урматтуу мекендештер!
Сиздерди келе жаткан Нооруз – жаз жана жаңылануу майрамы менен чын дилимден куттуктайм!
Нооруз байыртадан бери элдин руханий байлыгы катары жарыктын, жылуулуктун, кубанычтын, бакубатчылыктын жана ынтымактын символу болуп келген.
Узак созулган сууктан кийин күндүн табы менен жер жылып, жаз жакындап, элдин ишеними, асыл, ой-тилектери ойготулуп, бул күндүн жагымдуу атмосферасында араздашкандар бири-бирин кечирип, элдердин биримдиги жана достуктугу бекемделген күн.
Улуттук тамак-аш, өзгөчө сүмөлөк коюлган дасторкон, комуздун коштоосунда уюштурулган улуттук оюндар, арча аластоо – жакшы тилектер эзелтеден таанылган салтыбыз.
Ушул даңазалуу күндө өлкөбүздүн чегинен тышкары жакта жашап, жүрөгү Мекен деп согуп, биз менен бирге жазды тосуп жаткан мекендештерибизге майрамдык куттуктоомду жолдойм.
Ар бир үйгө кут конуп, ишиңиздерге ийгилик жылоолоп, Нооруздун баа жеткис баалулуктары элибиздин жыргалчылыгына өбөлгө болуп, ынтымак-ырашкерчилик, бакыт-таалай алып келсин!
Майрамыңыздар менен!
Урматтоо менен, К.Л. Сагынбаев
ЖЕКЕ АССИСТЕНТ