
Урматтуу Замандаштар!
Сиздерди Улуу Жеңиш күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Тарых барактарында алтын тамгалар менен жазылып калган – бул Жеңиш күнү – биздин жүрөгүбүздү чексиз сыймыкка жана зор кубанычка толтурган өзгөчө майрам. Бул майрам майтарылгыс кайраттуулуктун жана чыныгы баатырдыктын символу катары биздин элге чоң күч кубат берип, мекенчилдикке тарбиялап келет. Мамлекетибиздин бүтүндүгү жана элибиздин жаркын келечеги үчүн жанын беришкен аталарыбызга миң мертебе таазим кылабыз. Биз алардын эл үчүн кылган эмгегин жана эрдиктерин ар дайым эстеп, даңазалоого милдеттүүбүз!
Урматтуу мекендештер, сиздерге бекем ден соолук, бакубат жашоо, өрнөктүү өмүр каалайм. Дүйнөдө ар дайым тынчтыктын желеги желбиреп турсун!
Терең урматтоом менен К. Базарбаев
ЖЕКЕ АССИСТЕНТ