Кыргызстанда жыл сайын 18-июнда Элеттик аялдар күнү белгиленет
Кыргызстанда жыл сайын 18-июнда Элеттик аялдар күнү белгиленет. 1902-жылдын 18-июнда Чүй облусунун Белек айылында эки жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры Зууракан Кайназарова аттуу көрүнүктүү аял төрөлгөн. Ал колхоздук өндүрүштүн кызылчачы жана рационализатору, КПССтин мүчөсү, эки чакырылыштагы СССР Жогорку Советинин депутаты жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Төрагасынын орун басары болгон. Кайназарова жооптуу кызматкер гана эмес, ошондой эле […]