Эмгек министрлигинин кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышты

Бүгүн, 16-сентябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Бишкек шаарындагы булганган аймактарды таштандыдан тазалоо боюнча жалпы республикалык ишембиликке катышты. Э.Гареев атындагы сейил багында атайын бөлүнгөн жерде таштандыларды жана ирригациялык тармактарды тазалоо боюнча ишембилик өткөрүлдү. Тазалык күнүн колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жамааты Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык бактын тротуарларын, газондорун […]

Далее..... Эмгек министрлигинин кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышты

Эмгек министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев корей тилин акысыз үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев “Седжон” фондунун (Корея Республикасы) делегациясы менен мындан ары Кореяда ишке орношуу үчүн кыргызстандыктарга корей тилин акысыз үйрөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Министрдин орун басарынын айтымында, ведомство чет өлкөдө ийгиликтүү ишке орношуу үчүн шарттарды түзүү боюнча жигердүү иш алып барууда. “Корея Республикасына жумушчу күчүн жөнөтүү жана кабыл алуу […]

Далее..... Эмгек министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев корей тилин акысыз үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады

Финансылык сабаттуулук – коомдун бакубаттуулугунун ачкычтарынын бири

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова финансылык сабаттуулук боюнча окутуунун жүрүшүндө, бүгүнкү күндө ар бирибиздин жашообузда жана коомдун бакубаттуулугун жогорулатууда финансылык сабаттуулуктун ролу тууралуу айтып берди. Окутуу финансылык жеткиликтүүлүктүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында КР Улуттук банкы менен биргеликте уюштурулган. Министрдин орун басары Жылдыз Полотованын айтымында, министрликте финансылык сабаттуулук […]

Далее..... Финансылык сабаттуулук – коомдун бакубаттуулугунун ачкычтарынын бири

Эмгек министрлиги коррупциялык схемаларды аныктоодо кантип кызматташат

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык борбордук аппараттын, ошондой эле ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин арасында коррупциянын алдын алуу боюнча туруктуу иш жүргүзөт. Министрлик бүтүндөй системаны санариптик трансформациялоо аркылуу калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын натыйжалуулугун, даректүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча максаттуу иштерди жүргүзүп келет. Социалдык жардамдын корпоративдик […]

Далее..... Эмгек министрлиги коррупциялык схемаларды аныктоодо кантип кызматташат

Эмгек министрлиги: бүгүнкү күндө үй-бүлө экономикасын калыптандырууда аялдар алдыда

Мындай жыйынтык “социалдык келишим” долбоорунун алдын ала жыйынтыктарына жүргүзүлгөн мониторингде камтылганын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Мониторингдин маалыматтары боюнча “социалдык контракт” долбоорунун 10 миң катышуучусунун 95,6% аялдар түзөт. Ошол эле учурда Ош облусунда аялдардын катышуусу жалпы катышуучулардын 99,4% түзөт. Алардын ичинен 7,5 миңден ашууну Айыл чарба тармагындагы долбоорлорду ишке ашырышат, 1,3 миңден ашууну […]

Далее..... Эмгек министрлиги: бүгүнкү күндө үй-бүлө экономикасын калыптандырууда аялдар алдыда

Майыптардын маалымат базасы бир нече жылдан бери төлөмдөрдүн ачык-айкындуулугун камсыздап келет – Эмгек министрлиги

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма-сөз кызматы маалымдайт, социалдык жардамдын ведомстволук корпоративдик маалыматтык тутуму (СЖКМТ) майыптыгы бар адамдарды текшерүүдө, мамлекеттик жана башка социалдык төлөмдөрдү, анын ичинде майыптарды дайындоодо электрондук жол-жоболорду жүргүзүүгө бир нече жылдан бери мүмкүндүк берип келет. СЖКМТ ошондой эле кресло-коляскаларды, санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду алууда социалдык кызматтарды көрсөтүүгө, дайыма кароого жана көзөмөлгө муктаж […]

Далее..... Майыптардын маалымат базасы бир нече жылдан бери төлөмдөрдүн ачык-айкындуулугун камсыздап келет – Эмгек министрлиги

БУУда Кыргызстандагы Балдардын укуктарын коргоо боюнча бешинчи жана алтынчы баяндамалар каралды

12-13-сентябрь 2023-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Женева шаарындагы (Швейцария) бөлүмүндө БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин 94-сессиясынын алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун балдардын укуктары жөнүндө Конвенциясынын аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Бириккен бешинчи жана алтынчы мезгилдүү баяндамасы каралды. БУУнун Балдардын укуктары жөнүндө Конвенциясынын аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Бириккен бешинчи жана алтынчы мезгилдүү баяндамаларын берүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин […]

Далее..... БУУда Кыргызстандагы Балдардын укуктарын коргоо боюнча бешинчи жана алтынчы баяндамалар каралды

Гүлнара Баатырова Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды

Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан сунушталган Гүлнара Баатырованын талапкерлиги тууралуу маселени карашты. Г.Баатырованын талапкерлигин Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ЖКдагы туруктуу өкүлү Алмас Абытов сунуштады. Талапкер тууралуу маалыматты президенттин атынан Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ЖКдагы туруктуу өкүлү Алмас Абытов […]

Далее..... Гүлнара Баатырова Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды

Эмгек министринин м.а. Гүлнара Баатырова миграция тармагындагы биринчи кезектеги милдеттерди белгиледи

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу Гүлнара Баатырова бүгүн, 13-сентябрда ЭМУнун Түштүк-Чыгыш Европа, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык директору Манфред Профаци менен жолугушууда билдирди. Гүлнара Баатырованын айтымында, миграциялык саясат маселелери Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу маселелердин бири болуп саналат. “Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров миграция маселесине өзгөчө көңүл бурат. Акыркы мезгилде эмгек […]

Далее..... Эмгек министринин м.а. Гүлнара Баатырова миграция тармагындагы биринчи кезектеги милдеттерди белгиледи

Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин м.а. болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Баатырова Гүлнара Маришовна мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Гүлнара Баатырованын   талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Далее..... Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин м.а. болуп дайындалды
Пайдалуу
Ссылкалар