Эмгек министрлиги үчүн кайсы милдеттер биринчи орунда турганын министрликтин жаңы башчысы Жылдыз Полотова белгиледи

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова бүгүн, 18-июнда аймактык жана ведомстволук бөлүмдөр менен жалпы республикалык жыйын өткөрүп, анда калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча милдеттерди койду. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирет. Жылдыз Полотова биринчи кезектеги милдетин ишке орноштуруу жана иш менен камсыз кылуу маселелерин белгиледи. “Министрлер Кабинетинин тапшырмасы менен жылдын аягына чейин 250 […]

Далее..... Эмгек министрлиги үчүн кайсы милдеттер биринчи орунда турганын министрликтин жаңы башчысы Жылдыз Полотова белгиледи

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жамаатына жаңы дайындалган министрди тааныштырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жамаатына жаңы дайындалган министр Жылдыз Полотованы тааныштырды. МинКаб Төрагасы министрликтин алдында калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, жаңы ички миграциялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, башка өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттарын эсепке алуунун электрондук системасын киргизүү, […]

Далее..... МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жамаатына жаңы дайындалган министрди тааныштырды

Эмгек министри Жылдыз Полотова: Ысык-Көлдө мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн жана жетим балдардан 1000 бала эс алат

Бүгүн, 17-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Ысык-Көлгө балдардын биринчи агымын жөнөтүүнү көзөмөлдөдү. “Жыл сайын Министрлик аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын, майыптыгы бар балдардын, камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө алынган балдардын, багып алуучу үй-бүлөлөрдөгү балдардын, жетим балдардын жана тарбиянын өзгөчө шарттарына муктаж оорулуу балдардын, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдардын жайкы эс […]

Далее..... Эмгек министри Жылдыз Полотова: Ысык-Көлдө мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн жана жетим балдардан 1000 бала эс алат

Ысык-Ата районунда 125 үй-бүлөгө Курман айт майрамына карата эт таратылды

Бүгүн, 16-июнда, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова “Менар” коомдук фонду, Европадагы IGMG Hasene International колдоосу менен Кант шаарында аярлуу үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча кайрымдуулук акциясына катышты. Курман айт майрамына карата 125 үй-бүлөлөргө 3 жана 5 кг эт таратылды. Кайрымдуулук акциясы «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган үй-бүлөлөрдү, ошондой эле угуу жана көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды […]

Далее..... Ысык-Ата районунда 125 үй-бүлөгө Курман айт майрамына карата эт таратылды

Эмгек министрлигинин кызматкерлери тазалыкты сактоо максатында ишембилик өткөздү

Бүгүн, 15-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери ишембиликке чыгышты. Иш-чаранын жүрүшүндө ишембиликтин катышуучулары министрликтин аймагындагы тротуарларды, арыктарды таштандылардан тазалашты. Ошондой эле кызматкерлер иш бөлмөлөрүн тазалашты. Ишембилик министр Жылдыз Полтованын катышуусунда өттү. Мындан тышкары Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жана кызматкерлеринин катышуусу менен ишембилик өткөрүлдү.

Далее..... Эмгек министрлигинин кызматкерлери тазалыкты сактоо максатында ишембилик өткөздү

Эмгек министрлиги: Жыл башынан бери 33 миллион сомдон ашык айлык акы жана жаракат үчүн компенсация төлөндү

    Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын маалыматы боюнча, жыл башынан бери жарандардын кайрылууларынын негизинде ишкердик субъекттерине 428 текшерүү жүргүзүлгөндүгүн министрликтин басма сөз кызматы билдирет. Текшерүүнүн жыйынтыгында 2 265 000 сом айып салынып, өндүрүштөгү жаракаттан улам ден соолукка келтирилген зыян үчүн 17 323 125 сом төлөнгөн. Ошондой […]

Далее..... Эмгек министрлиги: Жыл башынан бери 33 миллион сомдон ашык айлык акы жана жаракат үчүн компенсация төлөндү

Эмгек министри Жылдыз Полотова аялдардын лидерлигин өнүктүрүүгө кандай шарттар түзүлгөндүгү тууралуу

Бүгүн, 14-июнда, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова аялдардын лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча донордук жолугушууга катышты. Жолугушуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы астында болуп, аялдардын лидерлигин колдоо боюнча Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоо үчүн мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн чогултту. “Бүгүнкү […]

Далее..... Эмгек министри Жылдыз Полотова аялдардын лидерлигин өнүктүрүүгө кандай шарттар түзүлгөндүгү тууралуу

Эмгек министри Жылдыз Полотованын жеке кабыл алуусуна качан жазылса болот

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотованын жеке кабыл алуусуна ар жума күнү саат 08.00дөн 10.00гө чейин жазылса болот. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет. Кабыл алуу 0312 66 01 07 телефону аркылуу жүргүзүлөт. Биринчи кабыл алуу бүгүн, 14-июнда болду. Коомдук кабылдамада министр санатордук –курорттук жолдомо боюнча, жумушка орноштуруу, активдүү узак жашоо борборун […]

Далее..... Эмгек министри Жылдыз Полотованын жеке кабыл алуусуна качан жазылса болот

Эмгек министрлиги: Дүйшөмбү, 17-июнь, эс алуу күнү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги быйыл Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ай календары боюнча аныкталган “Курман айт” күнүн расмий түрдө 16-июнь дем алыш (жекшемби) деп жарыялаганын билдирди. . Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, дем алыш күнүнө жана жумуш эмес майрам күнүнө туш келип калганда дем алыш күн майрамдан кийинки жумуш күнүнө которулат. Демек, дүйшөмбү, 17-июнь, беш […]

Далее..... Эмгек министрлиги: Дүйшөмбү, 17-июнь, эс алуу күнү

Эмгек министрлиги: 920 социалдык кызматкер 9 миңден ашуун адамды үйүндө тейлейт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жарандардын 4 категориясы – жалгыз бой улгайган адамдар, майыптыгы бар адамдар, улгайган жубайлар же өзүн карай албаган майыптыгы бар жарандар, балдары бар оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр үйүндө социалдык кызматтарды алууга укуктуу. Социалдык кызматкер кызмат алуучуга аймактык башкармалыктын жетекчиси бекиткен өзүнүн жеке графиги боюнча жумасына эки жолудан кем […]

Далее..... Эмгек министрлиги: 920 социалдык кызматкер 9 миңден ашуун адамды үйүндө тейлейт
Пайдалуу
Ссылкалар