44 кыргызстандык Эмгек министрлиги аркылуу Түштүк Кореяга иштөөгө жөнөтүлдү

Бүгүн, 28-ноябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Түштүк Кореяга иштөө үчүн бара жаткан кыргызстандыктарды узатты. Эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумуна ылайык 44 адамды мыйзамдуу ишке орноштуруу уюштурулган. Гүлнара Баатырова мыйзамдуу ишке орноштуруу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө”жарлыгынын алкагында ишке […]

Далее..... 44 кыргызстандык Эмгек министрлиги аркылуу Түштүк Кореяга иштөөгө жөнөтүлдү

Эмгек министри Кара-Суу районундагы Социалдык контракт программасына катышкан үй-бүлөлөрдү кыдырды

Социалдык контракт программасынын алкагында кошумча 4,5 миң жумушчу орун түзүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Ош облусунун Кара-Суу районунда Социалдык контракт программасынын аткарылышын мониторингт жүргүзүү учурунда билдирди. «Алынган киреше үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн жашоосун жакшыртаарын эске алсак, бул программа өлкө боюнча 70 миңден ашык адамдын жашоо сапатын жакшыртты деп айта алабыз. […]

Далее..... Эмгек министри Кара-Суу районундагы Социалдык контракт программасына катышкан үй-бүлөлөрдү кыдырды

Ош облусунда 2,6 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекет менен социалдык контракт түзгөн

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Ош шаарында Социалдык контракт программасынын аткарылышын көзөмөлдөө учурунда билдирди. «Алынган киреше үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн жашоосун жакшыртаарын эске алсак, бул программа Ош облусу боюнча 14,4 миңден ашуун адамдын, анын ичинен 8,6 миңи балдардын жашоо сапатын жакшыртты деп айта алабыз. Буга мен бүгүн барган үй-бүлөлөр мисал боло […]

Далее..... Ош облусунда 2,6 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекет менен социалдык контракт түзгөн

18 550 бала багуучусунан ажырагандыгы боюнча Эмгек министрлиги аркылуу жөлөк пул алат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы, 2023-жылдын 1-ноябрына карата мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын саны 391,9 миң адамды түзүп, анын ичинен “үй-бүлөгө көмөк” алгандардын саны 285,6 миң адам, ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алуучулардын саны 106,3 миң адам экенин билдирди. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алуучулардын санына ата-энесинин биринен же экөөнөн тең ажыраган балдар […]

Далее..... 18 550 бала багуучусунан ажырагандыгы боюнча Эмгек министрлиги аркылуу жөлөк пул алат

Фостердик үй-бүлөлөргө 186 бала берилген – Эмгек министри

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Аламедин районундагы фостердик үй-бүлө көрсөткөн кызматтын сапатын текшерди. Гүлнара Баатырова оор турмуштук кырдаалга кабылган балдар жайгаштырылган үй-бүлөгө барды. «Фостердик үй-бүлөлөр турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды убактылуу жайгаштырышат. Атайын окуудан өткөн 30 жаштан 65 жашка чейинки жарандар бакма ата-эне боло алышат. Алардын билим алуусуна мамлекет жашоо минимумунун бир […]

Далее..... Фостердик үй-бүлөлөргө 186 бала берилген – Эмгек министри

Кыргызстанда жыл сайын өтүүчү “Аялдарга карата зомбулукту жоюу боюнча 16 күндүк активдүүлүк” кампаниясы башталды

Кампания 25-ноябрда Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрда Адам укуктарынын эл аралык күнүндө аяктайт. Кампаниянын максаты-аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу боюнча биргелешкен аракеттерди жана чараларды көрүү үчүн бардык кызыкдар тараптардын, анын ичинде мамлекеттин, жарандык коом уюмдарынын, эл аралык уюмдардын, жеке сектордун, медиа жана академиялык чөйрөнүн күч-аракеттерин бириктирүү. Кыргыз Республикасынын […]

Далее..... Кыргызстанда жыл сайын өтүүчү “Аялдарга карата зомбулукту жоюу боюнча 16 күндүк активдүүлүк” кампаниясы башталды

Министр Гүлнара Баатырова Түркиянын өкүлдөрү менен диаспоралар аркылуу кызматташууну талкуулады

Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн министрлеринин жана диаспора иштери боюнча ведомстволорунун жетекчилеринин Бешинчи жолугушуусунун талааларында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар уюмунун президенти Абдулла Эрен менен жолугушту. Гүлнара Баатырова Түркия менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. «Биз диаспоралар ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарбыз. Эмгек министрлиги чет өлкөлөрдө мыйзамдуу […]

Далее..... Министр Гүлнара Баатырова Түркиянын өкүлдөрү менен диаспоралар аркылуу кызматташууну талкуулады

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров социалдык тармакта жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында 2022-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы, 2023-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу отчетту кароо алкагында социалдык тармакта жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолду. «Социалдык коргоо чөйрөсүнө жөлөкпулдар 2 жылда үч этап менен көтөрүлдү. Мындан тышкары Президенттин социалдык контракт демилгеси ишке кирди. 100 […]

Далее..... Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров социалдык тармакта жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолду

12 272 аял мамлекет менен социалдык контракт түзүп, өз ишин ачты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева Самарканд шаарында өткөн “Өзбекстандын жана Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин аялдарды колдоодогу тажрыйбасы” аттуу эл аралык аялдар форумуна онлайн форматта катышып, жалпы өлкөнүн аялдарына берилүүчү экономикалык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди. Анын айтымында, колдоо үч негизги багытта көрсөтүлөт. “Мамлекет менен социалдык контракт түзүп, өз ишин баштаган […]

Далее..... 12 272 аял мамлекет менен социалдык контракт түзүп, өз ишин ачты

Кыргызстандын региондорунда бош жумуш орундар жарманкеси өткөрүлдү

Бүгүн, 22-ноябрда Ош, Джалал-Абад, Кызыл-Кыя, Каракол, Нарын жана Талас шаарларында бош жумуш орундардын жана кесиптердин жарманкелери болуп өттү. Жарманке JIA бизнес ассоциясы менен биргеликте Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарада мамлекеттик жана жеке менчик ишканалар жарандарга 6 миңден ашуун бош орундарды сунушташты. Ага өнөр жай, курулуш, транспорт, соода, билим берүү, саламаттыкты […]

Далее..... Кыргызстандын региондорунда бош жумуш орундар жарманкеси өткөрүлдү
Пайдалуу
Ссылкалар