Эмгек министрлиги Россия Федерациясында 17,6 миллион рубль өлчөмүндө төлөнбөгөн эмгек акы алууга жардам берди
2024-жылдын төрт айында 451 кыргызстандык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө төлөнбөгөн эмгек акылары боюнча кайрылган. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 267 кыргызстандыкка кечиктирилген эмгек акы төлөнүп берилди. Төлөмдөрдүн жалпы суммасы 17 660 200 рублди түзгөн. Өкүлчүлүк эмгек келишиминин жоктугу кызматкердин эмгек укуктарын, анын ичинде эмгек […]