Эмгек министри Равшанбек Сабиров аярлуу категориядагы балдардын биринчи агымын жайкы эс алууга жөнөтүүнү көзөмөлдөдү
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров 2025-жылдын жайкы ден соолук кампаниясынын алкагында аярлуу категориядагы балдардын биринчи агымын эс алууга жөнөтүүнү жеке өзү көзөмөлдөдү. Балдардын эс алуусу 10-июндан башталып, 22-июлга чейин уланат. Биринчи агымга Чүй облусунан, Бишкек ш, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан 500 бала жөнөтүлүүдө. Жалпысынан программада 6 агым пландалууда, ага 1200 бала – […]














