Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция тармагындагы мамлекеттик тилдин абалы жөнүндө талкуу болуп өттү

Бүгүн, 29-июнда, КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде “Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция тармагындагы мамлекеттик тилдин абалы” аттуу жыйын КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын, ошондой эле Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен болуп өттү. Жыйынды КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова ачып, “Президентибиз […]

Далее..... Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция тармагындагы мамлекеттик тилдин абалы жөнүндө талкуу болуп өттү

Эмгек министринин орун басары Ак-Суу районундагы социалдык келишимдин аткарылышын текшерди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы социалдык келишимдин аткарылышы менен таанышты. «Ысык-Көл облусунда быйылкы жылы мамлекет тарабынан аз камсыз болгон 794 үй-бүлөгө 100 миң сом берилди, анын ичинен 256сы Ак-Суу районунда жашайт. Алардын көбү айыл чарба тармагындагы долбоорлорду ишке ашырып келишет. Мисалы, биз барган төрт баланын атасы […]

Далее..... Эмгек министринин орун басары Ак-Суу районундагы социалдык келишимдин аткарылышын текшерди

Израилде кыргыз элине ыраазычылык ташы ачылды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Экинчи дүйнөлүк согушта еврей үй-бүлөлөрүн баш калкалаган кыргыз элине ыраазычылык ташын ачуу аземине катышты. «Кыргызстанда эки ысым эрк эркиндигинин символу болуп калды – 16 жашында эвакуацияланган 150 баланы багып алган Токтогон Алтыбасарова жана эвакуациянын бардык кыйынчылыктарын башынан өткөргөн миңдеген балдардын символу болгон Эстер Сингер. Тилекке каршы, Эстер […]

Далее..... Израилде кыргыз элине ыраазычылык ташы ачылды

Социалдык контракттын катышуучуларынын 75% айыл чарба тармагында бизнес ачкан

2023-жылы Социалдык контракт долбоорунун 7,5 миңден ашуун катышуучусу айыл чарба тармагында бизнес ачкан. Бул сандарды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси менен жакырчылыктан чыгуунун активдүү чарасы катары ишке ашырылууда. Долбоорго бюджеттен бөлүнгөн 100 000 сомду бекер пайдаланып чакан бизнес ачкан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр катышууда. Долбоордун катышуучулары […]

Далее..... Социалдык контракттын катышуучуларынын 75% айыл чарба тармагында бизнес ачкан

2023-жылы социалдык контракттын катышуучуларынын үй-бүлөсүндө 33 миңден ашык бала жашайт

Бул сандарды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, быйылкы жылы өлкө боюнча 9980 аз камсыз болгон үй-бүлө мамлекет менен социалдык келишим түзгөн. Жыл аягына чейин жалпысынан 100 миң сом акчалай жардамды жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ичинен 10 миң үй-бүлө чакан ишкана ачуу үчүн алышат. Эмгек министрлиги 2023-жылы социалдык контракттын […]

Далее..... 2023-жылы социалдык контракттын катышуучуларынын үй-бүлөсүндө 33 миңден ашык бала жашайт

Кыргызстан менен Израилдин эмгек министрлери кызматташуу багыттарын талкуулашты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Израиль мамлекетинин эмгек министри Йоав Бен Цур менен кызматташуу маселелерин талкуулады. Эмгек министрлигинин жетекчиси белгилегендей, Кыргызстан мыйзамдуу ишке орношуу шарттарын уюштурууга кызыкдар. “КР Президенти С.Н.Жапаровдун миграциялык кырдаалды жакшыртуу боюнча Жарлыгынын алкагында министрлик эки багытта иш алып барууда. Биринчиси-өлкө ичинде жумуш орундарын түзүү. Бул жерде мамлекет башчысынын демилгеси […]

Далее..... Кыргызстан менен Израилдин эмгек министрлери кызматташуу багыттарын талкуулашты

Кыргызстандын 5 миң жараны Швеция, Франция жана Литва Республикасындагы ишканаларда иштөөгө мүмкүнчүлүк алды

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу борбору Европа союзунун өлкөлөрүндө жарандарды ишке орноштуруу боюнча «Евро-Виз» ЖАК (Литва) менен макулдашууга кол койду. Макулдашуунун максаты Швециянын, Франциянын жана Литва Республикасынын ишканаларында жумуш издеген жарандарга сапаттуу жана ишенимдүү иш менен камсыз кылуу болуп саналат. Бүгүнкү күндө курулуш адистиктерине, оор жүк […]

Далее..... Кыргызстандын 5 миң жараны Швеция, Франция жана Литва Республикасындагы ишканаларда иштөөгө мүмкүнчүлүк алды

Кудайберген Базарбаев Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады “Бүгүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат – бул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу тутумунун маанилүү элементи, анын натыйжалуу ишинен Кыргыз Республикасынын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсү көз каранды. Силердин алдыңарда көп милдеттер турат. Мекенибиздин жарандарына кызмат көрсөтүүнүн сапатын арттырып, аппараттын түзүмүн […]

Далее..... Кудайберген Базарбаев Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Эмгек министри Нарын облусунун Байзак айылында инклюзивдик эс алуу борборун ачты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айылынын тургундары үчүн инклюзивдик борборунун ачылышына катышты. Мекеме Байзак айылдык кеңешинин төрагасы Мээрим Молдалиеванын демилгеси менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин колдоосу менен ачылган. Инклюзивдик борбордо айыл тургундары көңүл ачууга, таланттарын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Ошондой эле борбор үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу […]

Далее..... Эмгек министри Нарын облусунун Байзак айылында инклюзивдик эс алуу борборун ачты

Кыргызстандыктар Эмгек министрлиги аркылуу Кувейтте мыйзамдуу иштей алышат

Тиешелүү келишимге бүгүн, 22-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Кувейттик Al Huqооq International Company”компаниясы кол коюшту. «Чет өлкөдө коопсуз эмгек шарттарын уюштуруу КР Президенти С.Н.Жапаровдун тиешелүү жарлыгынын алкагында министрликке жүктөлгөн милдет. Ал эми бүгүнкү күндө департамент Түштүк Кореяда, Улуу Британияда, Перс булуңунун өлкөлөрүндө жана ЕАЭБде мыйзамдуу, […]

Далее..... Кыргызстандыктар Эмгек министрлиги аркылуу Кувейтте мыйзамдуу иштей алышат
Пайдалуу
Ссылкалар