Равшанбек Сабиров: Эмгек министрлиги калктын аярлуу катмарына жардам көрсөтүү үчүн кайрымдуулук уюмдары менен кызматташууну кеңейтүүнү пландоодо
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Катар кайрымдуулук уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Документке Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров жана Катар кайрымдуулук уюмунун филиалынын аткаруучу директору Абдулкадир Аль Имам Аль Башир кол коюшту. Меморандумдун максаты-социалдык жардам чөйрөсүндө өнөктөштүктү бекемдөө, ошондой […]














