Эмгек министри “Мурас” достук футболдук турнирине катышты

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев футболдук турнирге “Президенттин командасы”командасынын капитаны катары катышты. Эки күндүк турнирдин жыйынтыгында “Президент командасы ” турнирдик тордо экинчи орунду ээледи, үчүнчү орунду күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн турган “Коопсуздук” командасы ээледи. Ал эми жеңишке республиканын спорт федерацияларынын өкүлдөрүнөн турган “Спорттук федерациялар” футболдук командасы ээ болду. Турнирге жалпысынан 16 […]

Далее..... Эмгек министри “Мурас” достук футболдук турнирине катышты

Эмгек министрлиги эмгек мигранттарына бир катар процедуралардан өтүү зарылдыгы тууралуу маалымдайт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россияга кыргызстандыктар 2021-жылдын 29-декабрына чейин мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо, сүрөткө тартуу жана медициналык текшерүүдөн 2023-жылдын 10-январына чейин өтүшү керектигин маалымдайт. Бул жол-жоболор федералдык мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык милдеттүү. 2021-жылдын 29-декабрынан кийин Россия Федерациясына эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн келген КРнын жарандары кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде медициналык күбөлөндүрүүдөн, ошондой […]

Далее..... Эмгек министрлиги эмгек мигранттарына бир катар процедуралардан өтүү зарылдыгы тууралуу маалымдайт

Эмгек министри: Баткен облусунда каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө 12 млн сомдон ашык акча төлөндү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, бүгүн 12-декабрда Лейлек районунун Раззаков шаарында жана Баткен шаарында үстүбүздөгү жылдын сентябрында болуп өткөн чек ара аскердик жаңжал учурунда курман болгондордун жана жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрү менен жолугушууларды өткөрдү. Кудайберген Базарбаев Баткен облусунун тургундарына мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардам тууралуу маалымат берди. “Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун […]

Далее..... Эмгек министри: Баткен облусунда каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө 12 млн сомдон ашык акча төлөндү

Социалдык чөйрө Президент тарабынан болуп көрбөгөндөй көңүл бурулуп жатат

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев адам укуктарын коргоонун Эл аралык күнүнө карата Адам укуктары боюнча улуттук диалогдун жүрүшүндө билдирди. Бул майрам дүйнөлүк коомчулук тарабынан 1948-жылдан бери, жыл сайын, 10-декабрда белгиленип келет. Министрдин айтымында, Кыргыз Республикасы конвенциялар боюнча өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерин аткарат. “Кыргыз Республикасынын мыйзамдары адам укуктарынын эл аралык […]

Далее..... Социалдык чөйрө Президент тарабынан болуп көрбөгөндөй көңүл бурулуп жатат

Министр К.Базарбаев Нурлуу балдар”борборуна барды

 Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо жана өнүктүрүү “Нурлуу балдар”борборуна барды. Кудайберген Базарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун атынан балдар борборунун 22 тарбиялануучусуна кышкы куртка, бут кийим тапшырды. Министр борбордун жамаатынын алдында сүйлөп жатып, учурда мамлекет өлкөнүн социалдык секторуна өзгөчө көңүл буруп […]

Далее..... Министр К.Базарбаев Нурлуу балдар”борборуна барды

Республика боюнча аялдарга карата зомбулукту токтотууга багытталган жүрүштөр болуп өттү

Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы 16 күндүк акциянын алкагында “Коркпо! Токтот! Жаша!”эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан республика боюнча коомчулуктун көңүлүн балдарга жана аялдарга карата үй-бүлөдөгү зомбулук көйгөйүнө бурууга багытталган уюштурулган акциялар, иш-чаралар өткөрүлдү. Өлкөнүн 7 облусунун бардык райондорунда митингдер, жүрүштөр, тегерек столдор болуп, иш-чараларга облустардын администрацияларынын, айыл аймактарынын, укук коргоо органдарынын, жарандык […]

Далее..... Республика боюнча аялдарга карата зомбулукту токтотууга багытталган жүрүштөр болуп өттү

Баткен облусунун балдарга жөлөк пул алуучулары жөлөк пулду ала беришет

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев үстүбүздөгү жылдын сентябрь айындагы чек ара жаңжалынын натыйжасында Чүй облусуна жана Бишкек шаарына көчүп кетүүгө аргасыз болгон Баткен облусунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. “Бул кайгылуу окуяга чейин социалдык жөлөкпул алгандардын баары аларды учурда жашап жаткан жеринен ала беришет. Министрлик бардык жөлөкпулдарды, өзгөчө […]

Далее..... Баткен облусунун балдарга жөлөк пул алуучулары жөлөк пулду ала беришет

Президент Садыр Жапаровдун Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуусу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда, Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду

«Урматтуу мекендештер! Өлкөбүздө жыл сайын 3-декабрда Эл аралык майыптар күнү белгиленип, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызга колдоо көрсөтүү жана алардын муктаждыктары менен көйгөйлөрүнө көңүл буруу жаатында бир катар иш-чаралар өткөрүлөт. Нарк менен жашап, каада-салтты бекем карманган кыргыз элибиз эзелтеден эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга мээрим төгүп, кайрымдуу мамиле жасап келишкен. Мындай адамдык улуу сапатты алып жүргөндөр […]

Далее..... Президент Садыр Жапаровдун Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуусу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда, Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду

Эмгек министрлигинин кызматкерлери Узбекистандагы кесиптештери менен тажирийба алмашышты

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери GIZ тин “Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана кесиптик окутуу” программасынын алкагында Ташкент шаарында уюштурулган иш сапары учурунда Узбекистан Республикасынын Иш менен камсыз кылуу жана эмгек мамилелери министрлиги менен иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатында тажрыйба алмашуу өтүүдө. Иш сапар учурунда Узбекистан Республикасынын Иш менен камсыз […]

Далее..... Эмгек министрлигинин кызматкерлери Узбекистандагы кесиптештери менен тажирийба алмашышты

“Социальдык контракт” долбоору республика боюнча 2800 жакыр үй- бүлө арасында иштеп жатат

“Социалдык контракт” долбоорунун алкагында республика боюнча 2800 жакыр үй-бүлө жеке бизнесин баштоо үчүн 100 миң сом өлчөмүндө грант алышты. Долбоордун катышуучулары айыл чарба, кызмат көрсөтүү, тигүү иши, үй чарбасы, соода тармактарында бир нече айдын ичинде эле ишкердик ишмердүүлүктө ийгиликтүү ишке ашырып жатышат.

Далее..... “Социальдык контракт” долбоору республика боюнча 2800 жакыр үй- бүлө арасында иштеп жатат
Пайдалуу
Ссылкалар