Майыптардын Эл аралык күнүнө карата Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин cтационардык мекемелеринде иш-чаралар өткөрүлдү
Бүгүн, 3-декабрда, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин бардык социалдык стационардык мекемелеринде майыптардын Эл аралык күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү. Бул күн майыптуулугу бар жарандарды колдоонун жана алардын социалдык интеграция маселелерине көңүл буруунун маанилүүлүгүн эскертет. Бул иш-чаралардын негизги максаты инклюзия маселелерине көңүл буруу, майыптыгы бар адамдардын укуктары, муктаждыктары жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу, ошондой эле жылуулук жана колдоо […]














