Эмгек министрлигинин башчысы протездик буюмдардын өндүрүш процессине жеке көзөмөл жүргүздү
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров министрликке караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жана Майыптуулугу бар адамдарды реабилитациялоо борборуна барды. Сапар жарандардын бул мекемелерде көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө байланыштуу кайрылууларынан кийин уюштурулган. Жолугушунун жүрүшүндө министр кызмат көрсөтүү процесстери, жабдуулардын абалы жана адистердин квалификациясынын деңгээли менен жеке таанышты. Протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоо сапатына […]














