Эмгек, социалдык камыздоо жана миграция министрлиги Орусиядагы эмгек мигранттарынын төлөнбөгөн 8,5 миллион сомун кайтарып берди

Министрликтин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү 2022- жылдын күз айынан тарта миграция маселелери жана жарандарга мыйзамдуу ишке орношууга көмөк көрсөтүү боюнча иш алып барууда. Өкүлчүлүк Орусиядагы иш берүүчүлөр менен байланыш түзүү, кыргыз жарандарына жумуш табуу жана ишке орноштуруу, келишим түзүүгө жардам берет. Ал жерден эмгек миграциясы, ошондой эле Орус Федерациясынын миграция жана эмгек мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү боюнча кеңештерди […]

Далее..... Эмгек, социалдык камыздоо жана миграция министрлиги Орусиядагы эмгек мигранттарынын төлөнбөгөн 8,5 миллион сомун кайтарып берди

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы башка өлкөлөргө социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн социалдык келишим долбоорун колдонууну сунуштады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАП) 2022-жылы социалдык келишим долбоорун жакырчылыктан чыгуунун эң эффективдүү моделдеринин бири катары таанып, бул моделди башка өлкөлөргө социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн колдонууну сунуштады. Министрлик белгилегендей, КР Президенти Садыр Жапаровдун бул демилгеси үй-бүлөлөрдү ишкерликке тартуу аркылуу оор турмуштук кырдаалдан чыгарууга багытталган. […]

Далее..... БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы башка өлкөлөргө социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн социалдык келишим долбоорун колдонууну сунуштады

Канча үй-бүлө электр энергиясын жеңилдетилген тариф менен төлөп жатканы белгилүү болду

КР Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, 2022-жылдын январь айынан тарта 16 жашка чейинки балдары бар “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн ай сайын 700 кВт саатка чейин электр энергия тарифи 50 тыйынга төмөндөдү. Мындай чара аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү социалдык колдоо көрсөтүүнүн алкагында кабыл алынган. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция […]

Далее..... Канча үй-бүлө электр энергиясын жеңилдетилген тариф менен төлөп жатканы белгилүү болду

Эмгек жана социалдык камсыздоо министри Жеңиш күнүнө карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктады

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашевди жана Ленинград блокадачысы Валентина Петкявиченаны Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады. “Жеңиш күнү баарыбыз үчүн өзгөчө майрам. Ал кайгы менен кубанычтын көз жашын, жоготуунун азабын жана улуу курмандыкты бириктирет. “Жеңиш” деген кыска, бирок кыска сөздүн артында миллиондогон Советтик жоокерлердин […]

Далее..... Эмгек жана социалдык камсыздоо министри Жеңиш күнүнө карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктады

Ысык-Көл жана Нарын облустарынын жумушка орноштуруу кызматтарына калкты иш менен камсыздоого көмөктөшүү жана кесиптик багытты күчөтүү боюнча тапшырма берилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Ысык-Көл облусунун ишке орноштуруу кызматтары менен кеңейтилген жумушчу кеңешмесин өткөрдү. Кеңешмеге Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Улан Далиев, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары, шаарлардын мэрлери, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин борбордук аппаратынын жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын, Кочкор жана Жумгал райондорунун аймактык бөлүмдөрүнүн […]

Далее..... Ысык-Көл жана Нарын облустарынын жумушка орноштуруу кызматтарына калкты иш менен камсыздоого көмөктөшүү жана кесиптик багытты күчөтүү боюнча тапшырма берилди

Эмгек министри К. Базарбаев “жашыл жумуш орундары жана татыктуу эмгек” чакырыгы астындагы форумга катышты

Бүгүн, 2-майда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев татыктуу эмгекти камсыздоо жана жашыл жумуш орундарын түзүүгө багытталган принциптерди чагылдырган программаны ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында уюштурулган “Жашыл жумуш жана татыктуу эмгек” форумуна катышты. “Бул эркин эмгекти, адилеттүү эмгек акыны, коопсуздукту, адамдын кадыр-баркына зыян келтирбеген жана баарына баштапкы бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берген социалдык коргоону билдирет. […]

Далее..... Эмгек министри К. Базарбаев “жашыл жумуш орундары жана татыктуу эмгек” чакырыгы астындагы форумга катышты

Эмгек министрлиги МСЭКтин ишин жакшыртууну талкуулады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын медициналык-социалдык эксперттик комиссиялары менен кеңешме өткөрдү. Министрлик тарабынан эл аралык стандарттарга жана ченемдерге ылайык майыптык көйгөйлөрүн аныктоого жана чечүүгө мамилени өзгөртүү боюнча максаттуу иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды. Мында коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу жана жоюу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле […]

Далее..... Эмгек министрлиги МСЭКтин ишин жакшыртууну талкуулады

Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги Эл аралык эмгек күнүнө утурлай ишембиликке чыкты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери өлкөлүк экологиялык акцияга катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бактын тротуарлары, газондору жана арык тармактары таштандылардан тазаланды, Ушундай эле экологиялык иш-чаралар бүгүнкү күндө бардык аймактык башкармалыктар жана ведомстволук бөлүмдөр тарабынан уюштурулду.

Далее..... Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги Эл аралык эмгек күнүнө утурлай ишембиликке чыкты

Аламүдүн айыл өкмөтүндө социалдык контракт боюнча сертификаттар тапшырылды

27-апрелде Аламүдүн аймагынын сегиз үй-бүлөсүнө киреше алып келүүчү бизнесин түптөө жана өнүктүрүү үчүн кайтарымсыз негизде 100 миң сомдон каражат берилди.   Аталган программанын катышуучулары бул каражатка мал чарба, соода, кийим тигүү тармагында ишканаларды жана интернет дүкөн ачууну пландаштырууда.   Сертификаттарды жергиликтүү кеңештин төрагасы Алексей Филимоненко тапшырды.   Айыл өкмөттүн социалдык өнүктүрүү боюнча башкы адиси Гулмира […]

Далее..... Аламүдүн айыл өкмөтүндө социалдык контракт боюнча сертификаттар тапшырылды

Бишкекте мектеп окуучуларына жана жумушсуз жарандарга 6 миңден ашык бош орундар сунушталды

28-апрелде Бишкек шаарында бош орундардын жана кесиптердин жарманкеси болуп өттү. Мында бир аянтчага калаадагы IT, курулуш, тейлөө, мейманкана, ресторан, жеңил өнөр жай, өндүрүш, транспорт, медицина жана башка тармактарда иш жүргүзгөн 70тен ашык алдыңкы компаниялар чогулган. Ошондой эле 10 университет, 20 профилдик лицей жана окуу борборлору окутуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти. Мектеп окуучуларына, жаштарга жана жумуш […]

Далее..... Бишкекте мектеп окуучуларына жана жумушсуз жарандарга 6 миңден ашык бош орундар сунушталды
Пайдалуу
Ссылкалар