Эмгек министрлиги Улуу Британиянын визалык борборун Кыргызстандын аймагында ачууну сунуштады
Бул тууралуу бүгүн, 6-июнунда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова менен Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда айтылды. Эмгек министри Министрликтин британ тарап менен ар кандай багыттар боюнча кызматташуусунун натыйжалуулугун белгиледи.“Бүгүнкү күндө Кыргызстандан Улуу Британияга сезондук жумушчулардын квотасы 8 миң адамга жетти. Программанын катышуучулары чакан ишканаларды ачуу аркылуу тапкан каражатын […]














