92 кыргызстандык Түштүк Кореяга Эмгек министрлигинин линиясы боюнча иштөөгө жөнөштү
Бүгүн, 11-июлда, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Түштүк Кореяга жумушка кеттип жаткан кыргызстандыктар менен жолугушту. 92 адамды мыйзамдуу ишке орноштуруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга ылайык уюштурулган. Кудайберген Базарбаев белгилегендей, мыйзамдуу ишке орноштуруу Президент Садыр Жапаровдун “миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө”жарлыгынын алкагында ишке ашырылып жатат. […]