Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кочкор районуна иш сапары менен келди
Министр Кудайберген Базарбаев БУУнун Кыргыз Республикасындагы Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору Кожиро Накай мырза менен биргеликте Кочкор районунун “Кара-Саз айылында таза суу системасын куруу” долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышты. Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө курулуш иштери үчүн Кош-Дөбө айыл аймагынын социалдык кызматына муктаж болгон 32 адам тартылган. Долбоордун катышуучулары сыйымдуулугу 100 тонна резервуарды, узундугу 280 метр […]