Эмгек министри Гүлнара Баатырова БУУда Кыргызстандагы аялдардын абалы тууралуу баяндама жасайт
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 68-сессиясына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясын жетектеди. Дүйнөнүн 190дон ашуун өлкөсүнөн келген профилдик уюмдардын делегаттары гендердик теңчиликке жетишүүнү тездетүү, жакырчылык менен күрөшүү, институттарды бекемдөө жана гендердик факторлорду эске алуу менен каржылоо аркылуу бардык аялдар менен кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү […]














