Эмгек министрлиги социалдык контракттын жыйынтыгы жогору болгон аймактарды  атады

   “Социалдык контракт” программасы КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан 2022-жылдын жай айынан баштап ишке ашырылууда. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Өткөн жылы аз камсыз болгон 10 миң үй-бүлө мамлекеттен 100 миң сомдон алып, өз бизнесин ачууга жетишкен. 2023-жылы бизнес-долбоорлорду ишке ашыруудан түшкөн киреше 55,4 миң адамдын жашоосун жакшыртууга жардам берди, […]

Далее..... Эмгек министрлиги социалдык контракттын жыйынтыгы жогору болгон аймактарды  атады

Айтыңыздар маарек болсун!

Урматтуу мекендештер, Айтыңыздар маарек болсун! Орозо айт – кылымдардан бери элдин ынтымак, биримдигин бекемдеген, боорукерлигин жана кайрымдуулугун арттырган, руханий тазалыкка, сабырдуулукка, ак ниеттүүлүккө чакырган пакизалуулуктун майрамы. Айт майрамы элдерди бир туугандыкка, жылуу мамилеге, достукка, өз ара сый-урматта болууга үндөгөн. Жакшылыкка үмүт байлатып, жамандык жолдон арылтып, жакшы ниет-тилектер менен жан-дүйнөнү арууланткан. Орозо айы – бул ыйман […]

Далее..... Айтыңыздар маарек болсун!

Ашканадан киреше тапкан Гүлмира Рахатбек кызы

Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы Каргалык айыл өкмөтүнүн тургуну Рахатбек кызы Гүлмира 2023-жылы социалдык келишимдин негизинде “Ашкана ачуу үчүн” долбоорун жазып, 100 000 сом акча каражатын алып, өз ишин баштаган. Бүгүнкү күндө жергиликтүү тургундарга даамдуу тамак-ашы менен кызмат көрсөтүп, жакшы киреше таап, жемишин көрүүдө. https://fb.watch/rkB-q0vWVg/

Далее..... Ашканадан киреше тапкан Гүлмира Рахатбек кызы

“Хаобочунскан” протездик-ортопедиялык буюмдар ишканасы менен кызматташууга кол коюлду

Бүгүн, 8-апрелде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин карамагындагы Республикалык протездик ортопедиялык буюмдар мекемесинин директору Ализа Солтонбекова, Кытай Эл Республикасынын Үрүмчүдөгү “Хаобочунскан” протездик-ортопедиялык буюмдар ишканасынын башкы директору Ван Чэнсян ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандарга кызмат көрсөтүүдө кызматташуу алкагында меморандумга кол коюшту. Бул Меморандумдун максаты маалымат алмашуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга кызмат көрсөтүүдө […]

Далее..... “Хаобочунскан” протездик-ортопедиялык буюмдар ишканасы менен кызматташууга кол коюлду

Эмгек министрлигинде кадрлар резервине тандоо жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кадрлар резервине тандоо жүргүзүлдү. Квалификациялуу кадрларды тартуу максатында Министрлик кенже, улук жана башкы административдик кызмат орундарынын кадрлар резервине ачык конкурс жарыялаган. Конкурстун жыйынтыгы боюнча 190 талапкердин ичинен 42 адам конкурстук тандоодон ийгиликтүү өттү.

Далее..... Эмгек министрлигинде кадрлар резервине тандоо жүргүзүлдү

Эмгек министри Гүлнара Баатырова БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарынын Борбордук Азия боюнча өкүлү менен жолугушту

Бүгүн, 2-апрелде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова БУУнун Борбордук Азия боюнча Жогорку комиссарынын башчысы Ханс Фридрих Шоддер, анын орун басары Думитру Липкану жана КЖКБнын Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин башчысы Елена Гусева менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагында качкындардын укуктарын коргоо маселелери, качкындардын глобалдык форумуна ылайык Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткаруу алкагында […]

Далее..... Эмгек министри Гүлнара Баатырова БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарынын Борбордук Азия боюнча өкүлү менен жолугушту

Эмгек министрлиги жана Биринчи айымдын фонду муктаждарга бут кийим жана кийим-кече тапшырды

 Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова жетектеген “Эне – балага тирек” коомдук фондунун колдоосу менен Ак-Суу районунун 1 100дөн ашык баласына кийим-кече жана бут кийим тапшырды. Жардам алуучалардын тизмесине тоголок жетим балдар жана муктаждыгы боюнча жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары киришти. Айрымдар дароо кийип алган спорттук бут […]

Далее..... Эмгек министрлиги жана Биринчи айымдын фонду муктаждарга бут кийим жана кийим-кече тапшырды

Эмгек министринин орун басары Жылдыз Полотова: Социалдык контракттын эң ийгиликтүү долбоорлору товарларды өндүрүү жана кызмат көрсөтүү тармагында ишке ашырылды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын иш менен камсыз кылуу кызматтарынын кызматкерлерин “Социалдык контракт” программасынын катышуучуларын тандоо критерийлери боюнча окутуу уюштурду. Эмгек министринин орун басары Жылдыз Полотова катышуучуларды 2022-2023-жылдардагы бизнес-долбоорлорду ишке ашыруунун анализинин жыйынтыктары менен тааныштырды. “Талдоо көрсөткөндөй, өткөн жылдардагы айыл чарба тармагынан тышкары катышуучулар башка багыттарды, атап айтканда оюн […]

Далее..... Эмгек министринин орун басары Жылдыз Полотова: Социалдык контракттын эң ийгиликтүү долбоорлору товарларды өндүрүү жана кызмат көрсөтүү тармагында ишке ашырылды

Эмгек министринин орун басары ЖККУнун “Нелегал” аймактык операциясынын Эл аралык штабынын жыйынына онлайн режиминде катышты

2024-жылдын 29-мартында Мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча Координациялык кеңештин катчысы, Россия Федерациясынын ички иштер министрлигинин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын башчысы В.Л.Казакованын төрагалыгы астында видеоконференция аркылуу ЖККУнун “Нелегал” аймактык операциясынын Эл аралык штабынын жыйыны өттү. Бул жыйынга Кыргыз Республикасынан “Нелегал” эл аралык операциясынын Улуттук штабынын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун […]

Далее..... Эмгек министринин орун басары ЖККУнун “Нелегал” аймактык операциясынын Эл аралык штабынын жыйынына онлайн режиминде катышты

Эмгек министрлиги “Крокус Сити Холл” залында эрдик көрсөткөн кыргызстандыктарга Ардак грамоталарды тапшырды

Москва облусундагы “Крокус Сити Холл” концерттик залында кайгылуу окуя болгон күнү жүздөгөн адамдардын өмүрүн сактап калууда көрсөткөн эрдиги, кайратмандыгы жана каармандыгы үчүн Кыргызстандын жарандары Халилов Ислам Бактияровичке, Бакытбеков Рустам Бактыбековичке, Каныбеков Белек Курманбековичке Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин атынан Ардак грамоталарды Министрликтин Москвадагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Жаркынай Галиева тапшырды. Жолугушуунун жүрүшүндө Өкүлчүлүктүн жетекчиси […]

Далее..... Эмгек министрлиги “Крокус Сити Холл” залында эрдик көрсөткөн кыргызстандыктарга Ардак грамоталарды тапшырды
Пайдалуу
Ссылкалар