Кыргызстанда көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Батыш Салиеванын 100 жылдыгы белгиленет
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Батыш Салиеванын 100 жылдыгына карата мааракелик иш-чараларды даярдоо боюнча Ысык-Көл облусунун Туп районунун Талды-Суу айылында кеңешме өткөрдү. Батыш Салиева эки жолу Кыргыз ССРинин социалдык өнүгүү министри болгон, жалпысынан бул кызматта 25 жыл иштеген. Дал ошонун аркасында Кыргызстанда бүгүнкү күнгө чейин жашап келе жаткан интернаттык мекемелер системасы пайда […]