Үч жылдын ичинде бош жумуш орундардын жарманкелери 20,4 миңден ашык жумушсуздарды камтыды
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Германиянын Эл аралык кызматташтык коому тарабынан ишке ашырылып жаткан «Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик билим берүүгө көмөктөшүү» кыргыз-герман долбоорунун жыйынтыгын чыгарууда билдирди. Министр белгилегендей, долбоор үч жыл аралыгында эмгек рыногунда заманбап ыкмаларды иштеп чыгууга жана киргизүүгө көмөк көрсөттү, калктын ар кандай топтору, анын ичинде […]














