Эмгек министрлиги жарым жылда жумушчуларга 68 млн сомго жакын төлөнбөгөн маяна жана компенсация алууга жардам берди
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы жарандардын арыздары боюнча 517 текшерүү ишин жүргүзүп, 2,2 млн сом айып пул салынды. Бүгүнкү күндө бул сумманын 55% иш берүүчүлөр тарабынан төлөнгөн. Кызматкерлердин эмгек укуктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылуулары боюнча чоң иштер жасалды. Негизинен, төлөнбөгөн эмгек акыга жана өндүрүштө алган жаракаттарына байланыштуу […]




















