Ош облусунда 2,6 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекет менен социалдык контракт түзгөн
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Ош шаарында Социалдык контракт программасынын аткарылышын көзөмөлдөө учурунда билдирди. «Алынган киреше үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн жашоосун жакшыртаарын эске алсак, бул программа Ош облусу боюнча 14,4 миңден ашуун адамдын, анын ичинен 8,6 миңи балдардын жашоо сапатын жакшыртты деп айта алабыз. Буга мен бүгүн барган үй-бүлөлөр мисал боло […]













