Эмгек министринин орун басары Жылдыз Полотова калкты социалдык коргоонун жаңы тутумунун өзөктүү учурларын атады
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде эл аралык нормаларды жана ЭЭУнун социалдык камсыздоо нормалары жөнүндө сунуштарын эске алуу менен калкты социалдык коргоонун моделдик системасын аныктоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун отуруму болуп өттү. Министрдин орун басары Жылдыз Полотованын төрагалыгы алдында өткөн жыйынга мамлекеттик органдардын, бизнес-ассоциациялардын, камсыздандыруу компанияларынын, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн (Дүйнөлүк […]













