Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ата-энелердин жоопкерчилиги жөнүндө эскертет
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эскертет, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 27-беренесине ылайык, ар бир баласынын өнүгүшү үчүн зарыл болгон жашоо шарттарын камсыз кылуу жоопкерчилиги ата-энеге, камкорчуга жана көзөмөлчүгө жүктөлөт. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине жана Балдар жөнүндө кодексине ылайык, ата-энелер (алардын ордуна өтө турган адамдар) баланы тарбиялоого, анын билим алуусуна камкордук көрүүгө жана жашына, […]