Жыл башынан бери 21 миңден ашуун жаран МСЭКтен күбөлөндүрүүдөн өттү

  Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги медико-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) системасын өркүндөтүү боюнча ырааттуу иштерди улантууда. Бул багытта заманбап санариптик чечимдерди киргизүү жана майыптыкты аныктоо жол-жоболорун эл аралык стандарттарга жана ченемдерге ылайык келтирүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Министрликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири – системанын ачыктыгын жогорулатуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана медико-социалдык […]

Далее..... Жыл башынан бери 21 миңден ашуун жаран МСЭКтен күбөлөндүрүүдөн өттү

Эмгек мигранттарынын эмгек ишмердүүлүгү жана аларды социалдык коргоо маселелери боюнча Биргелешкен кыргыз-орус жумушчу тобунун 18-жыйыны өттү

  2026-жылдын 16-июлунда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде видеоконференция байланышы (ВКБ) режиминде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эмгек мигранттарынын эмгек ишмердүүлүгү жана аларды социалдык коргоо жөнүндө 1996-жылдын 28-мартындагы Макулдашууну жана ага карата 2003-жылдын 22-сентябрындагы Протоколду ишке ашырууда келип чыккан көйгөйлүү маселелерди талкуулоо боюнча Биргелешкен кыргыз-орус жумушчу тобунун Он сегизинчи жыйыны болуп […]

Далее..... Эмгек мигранттарынын эмгек ишмердүүлүгү жана аларды социалдык коргоо маселелери боюнча Биргелешкен кыргыз-орус жумушчу тобунун 18-жыйыны өттү

Эмгек министрлиги Токмок шаарындагы №1 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеге байланыштуу жагдай боюнча түшүндүрмө берет

  Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдайт, жалпыга маалымдоо каражаттарында Токмок шаарындагы №1 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеге байланыштуу жарыяланган маалымат Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту тарабынан 2026-жылдын 19-майында жүргүзүлгөн пландуу текшерүүнүн жыйынтыгына тиешелүү. Текшерүүнүн жүрүшүндө комиссия социалдык кызмат алуучулардын жашоо шарттары менен таанышып,  мекемеде жашаган кызмат алуучулар менен жекече маектер өткөрүлгөн. Текшерүү […]

Далее..... Эмгек министрлиги Токмок шаарындагы №1 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеге байланыштуу жагдай боюнча түшүндүрмө берет

Эмгек министрлиги: Жыл башынан бери 7 миңден ашуун үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

  Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги турмуштук оор кырдаалга кабылган аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдүн жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган киреше алып келүүчү «Социалдык контракт» программасын ишке ашырууну улантууда. 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча республика боюнча 7 042 социалдык контракт түзүлдү. Программанын басымдуу бөлүгү айыл чарба тармагында ишке ашырылууда. «Социалдык контракт» […]

Далее..... Эмгек министрлиги: Жыл башынан бери 7 миңден ашуун үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

Кыргызстан менен Россия мыйзамдуу эмгек миграциясы жана адистерди кесиптик даярдоо чөйрөсүндөгү стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоодо

  15-июлда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги менен Россия Федерациясынан келген өкүлчүлүктүү делегациянын өкүлдөрү өз ара жолугушту. Талкуунун алкагында эмгек миграциясын жөнгө салуу, арыбагандарга кесиптик даярдоо, ошондой эле мигранттардын социалдык жана маданий адаптациясын камсыз кылуу маселелери каралды. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек […]

Далее..... Кыргызстан менен Россия мыйзамдуу эмгек миграциясы жана адистерди кесиптик даярдоо чөйрөсүндөгү стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоодо

Эмгек министрлиги: Жыл башынан бери «Балага сүйүнчү» бир жолку төлөмүн 67 миңден ашуун балдар алды

  2026-жылдын 1-июлуна карата бала төрөлгөндө берилүүчү «Балага сүйүнчү» бир жолку төлөмү 67 468 балага дайындалды. Аталган төлөмдү каржылоого 271,034 млн сом багытталды. Салыштыруу үчүн айтсак, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде 65 967 балага «Балага сүйүнчү» бир жолку төлөмү дайындалган. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Балага сүйүнчү» бир жолку төлөмү мамлекет тарабынан үй-бүлөлөрдү […]

Далее..... Эмгек министрлиги: Жыл башынан бери «Балага сүйүнчү» бир жолку төлөмүн 67 миңден ашуун балдар алды

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча дээрлик 12 миң аял кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алышты

2026-жылдын 1-июлуна карата Кыргыз Республикасында 11 931 аялга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төлөндү. Бул максатка республикалык бюджеттен 270,3 млн сом каражат бөлүндү. Салыштыруу үчүн айтсак, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде бул түрдөгү жөлөкпулду 13 843 аял алган. Аларды каржылоого республикалык бюджеттен 298,9 млн сом жумшалган. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында […]

Далее..... 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча дээрлик 12 миң аял кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алышты

Эмгек министрлиги: Эмгек рыногунда 8,4 миң бош жумуш орду бар

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарды ишке орноштурууга, кесиптик окутууга жана ылайыктуу жумуш табууга көмөк көрсөтүүнү улантууда. 2026-жылдын башынан бери аймактык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү кызматтарынын жардамы менен 7 106 жумушсуз жаран ишке орноштурулду. Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмдөрүндө 60 585 жумушсуз жана жумуш издеген жаран каттоодо турган, алардын […]

Далее..... Эмгек министрлиги: Эмгек рыногунда 8,4 миң бош жумуш орду бар

Эмгек министрлиги: жыл башынан бери жарандар «Пикир» системасы аркылуу 2 904 пикир калтырышты

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Пикир» кайтарым байланыш маалыматтык системасы аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгын, айкындуулугун жана сапатын жогорулатуу боюнча ишин улантууда. Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн «Пикир» системасынын QR-коддору Министрликтин имаратынын кире беришинде, өлкө боюнча Министрликтин аймактык башкармалыктарында жана ведомстволук бөлүмдөрүндө, ошондой эле Министрликтин расмий сайтында жайгаштырылган. QR-кодду сканерлөө аркылуу ар бир жаран […]

Далее..... Эмгек министрлиги: жыл башынан бери жарандар «Пикир» системасы аркылуу 2 904 пикир калтырышты

Эмгек министрлиги МСЭК системасына квалификациялуу адистерди ишке чакырат

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги квалификациялуу медицина кызматкерлерин аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын (МСЭК) дарыгер-эксперттеринин бош кызмат орундарына тандоого катышууга чакырат. Учурда МСЭК системасында бош кызмат орундары бар жана Министрлик белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген адистердин талапкерлигин кароого даяр. Дарыгер-эксперт кызматына терапия, хирургия, неврология же кардиология адистиктеринин бири боюнча жогорку медициналык билими бар […]

Далее..... Эмгек министрлиги МСЭК системасына квалификациялуу адистерди ишке чакырат
Пайдалуу
Ссылкалар