Эмгек министрлиги: Жарым жыл ичинде 518 этникалык кыргыз кайрылман статусун алды

  Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан бери Кыргызстандын аймагына 70 миңден ашуун этникалык кыргыздар көчүрүлгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Көчүрүлгөндөрдүн жалпы санынан 65 миң адам Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышкан. Кайрылман макамын УКМКнын, Ички иштер министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Калкты каттоо департаментинин өкүлдөрүнөн […]

Далее..... Эмгек министрлиги: Жарым жыл ичинде 518 этникалык кыргыз кайрылман статусун алды

Эмгек министри Жылдыз Полотова майыптыгы бар балдарды реабилитациялоонун жаңы ыкмасын талкуулады

Бүгүн, 30-июлда, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотовага “Вместе к здоровью” коомдук фондуна болгон сапарынын алкагында майыптыгы бар балдарды реабилитациялоонун жаңы методикасын талкуулады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. Фонддун директору Айнура Суванкулованын айтымында, программанын артыкчылыгы-реабилитация жана абилитацияны эне менен баланын чогуу өтүшү. «Эне бала менен өз алдынча иштөөнү үйрөнүп, кошумча билим […]

Далее..... Эмгек министри Жылдыз Полотова майыптыгы бар балдарды реабилитациялоонун жаңы ыкмасын талкуулады

Эмгек министрлиги менен Россиянын Эмгек талаш-тартыштарын чечүү борбору кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Автономдуу коммерциялык эмес уюму «Эмгек талаш-тартыштарын чечүү жана мигрант жарандардын социалдык жана эмгектик адаптациясына көмөктөшүү боюнча укуктук колдоо жана медиация борбору» (Россия) кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга он-лайн режиминде кол коюшту. Меморандум Эмгек, ишке орноштуруу, миграция, эмгек талаш-тартыштарын чечүүдө укуктук колдоо жана Медиация, социалдык-эмгектик адаптациялоо жана […]

Далее..... Эмгек министрлиги менен Россиянын Эмгек талаш-тартыштарын чечүү борбору кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту

Эмгек министринин орун басары адам сатууга каршы күрөштө консолидациянын маанилүүлүгүн белгиледи

  Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу “Адам сатууга каршы күрөшүүдө улуттук жана эл аралык өнөктөштүктү бекемдөө” эл аралык конференциясына катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага Борбор Азия өлкөлөрүнүн, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын адам сатууга каршы күрөш боюнча негизги адистери катышты. Конференция бүткүл дүйнөдө 30-июлда […]

Далее..... Эмгек министринин орун басары адам сатууга каршы күрөштө консолидациянын маанилүүлүгүн белгиледи

Жылдыз Полотова: Жыл башынан бери КР мигранттарына 40 млн сомго жакын айлык акы жана компенсация төлөп берүүгө жетиштик

Жыл башынан бери биздин министрлик Россиядагы кыргызстандык мигранттарга өндүрүштө алган жаракаттары жана кармалган эмгек акыларды жана компенсацияларды төлөп берүүгө жетишти. Бул тууралуу Эмгек министри министрликтин 2024-жылдын 1 –жарым жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди. Ведомствонун кызматкерлери Россияда миграцияда жүргөн Кыргызстандын 465 жаранына кармалган эмгек акысын 34,9 миллион рубль алууга жардам беришкен. “Россиядагы өкүлчүлүк үч жыл ичинде адистер […]

Далее..... Жылдыз Полотова: Жыл башынан бери КР мигранттарына 40 млн сомго жакын айлык акы жана компенсация төлөп берүүгө жетиштик

Эмгек министри Жылдыз Полотова МСЭКтин директорлоруна  коррупция үчүн дароо иштен алууну эскертти

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова жалпы республикалык жыйында медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын (МСЭК) кызматкерлерине майып балдарды жана чоңдорду тейлөөдө коррупция бар деген ишараттар үчүн иштен алуу болот экенин эскертти. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. Жалпы республикалык кеңешменин жана жалпы республиканын МСЭК төрагаларын окутуунун алкагында министр күбөлөндүрүүдөн өтүү, кайра күбөлөндүрүү, майыптык фактысын […]

Далее..... Эмгек министри Жылдыз Полотова МСЭКтин директорлоруна  коррупция үчүн дароо иштен алууну эскертти

Эмгек министрлиги: Ата-энеси жок балдар 18 жашка чыкканда 500 миң сомдон алышат

Үстүбүздөгү жылдын июль айынан тарта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен ата-энеси жок балдар үчүн “Келечекке салым” топтоо эсеби ишке киргизилди,- бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 18 жашка чыкканда ар бир ата-энеси жок балага 500 миң сомдон берилет. “Бул, билим берүү үчүн жана ипотекага […]

Далее..... Эмгек министрлиги: Ата-энеси жок балдар 18 жашка чыкканда 500 миң сомдон алышат

Эмгек министрлиги: Жыл аягына чейин кайсы долбоорлор артыкчылыктуу болот

Бүгүн, 26-июлда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегия өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. Коллегияга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова, Жогорку Кеңешинин депутаттары Винера Раимбачаева жана Камила Талиева, коллегиянын мүчөлөрү, министрликтин алдындагы түзүмдүк, ведомстволук, […]

Далее..... Эмгек министрлиги: Жыл аягына чейин кайсы долбоорлор артыкчылыктуу болот

Эмгек министри Жылдыз Полотова майыптыкты аныктоонун жөнөкөйлөтүлгөн тартибин киргизүүнү тездетүүнү тапшырды

  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова бүгүн, 26-июлда, биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча коллегиянын жүрүшүндө медициналык-социалдык эксперттик комиссияларга майыптуулукту аныктоонун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин киргизүүнү тездетүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. “Министрлик тарабынан майыптыкты аныктоо жана чечүү ыкмаларын өзгөртүү боюнча максаттуу иштер жүргүзүлүүдө. Кызматкерлерди кайрадан аттестациялоого, жол-жоболорду автоматташтырууга, материалдык-техникалык базаны […]

Далее..... Эмгек министри Жылдыз Полотова майыптыкты аныктоонун жөнөкөйлөтүлгөн тартибин киргизүүнү тездетүүнү тапшырды

Эмгек министри Жылдыз Полотова мамлекеттик жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчөтүү боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды

Бүгүн, 26-июлда коллегияда жарым жылдыктын жыйынтыгы менен 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулунун даректүүлүгүн күчөтүү маселеси каралды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова жакын арада жакыр болгон үй-бүлөлөргө ар тараптуу даректүү жардам көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча план иштеп чыгууну тапшырды. “Бир айлык мөөнөттө аймактар боюнча […]

Далее..... Эмгек министри Жылдыз Полотова мамлекеттик жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчөтүү боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды
Пайдалуу
Ссылкалар