Эмгек министрлигинде Кыргызстан менен Франциянын өкүлдөрүнүн эмгек миграциясы маселелери боюнча жолугушуусу өттү

2026-жылдын 18-июнунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары М.К. Байгончоков менен Франция Республикасынын ички иштер министринин иммиграция маселелери боюнча атайын өкүлү Патрик Стефанининин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты. Өзгөчө көңүл эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну чыңдоого жана эки […]

Далее..... Эмгек министрлигинде Кыргызстан менен Франциянын өкүлдөрүнүн эмгек миграциясы маселелери боюнча жолугушуусу өттү

Эмгек министрлигинде коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча семинар өткөрүлдү

2026-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 14 «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын аткаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы 2025–2030-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүүнүн мамлекеттик стратегиясын жана 2026–2027-жылдарга коррупцияга каршы маалыматтык саясаттын мамлекеттик программасын ишке ашыруу максатында коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча семинар өткөрүлдү. Министрликтин кызматкерлери үчүн семинарды […]

Далее..... Эмгек министрлигинде коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча семинар өткөрүлдү

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн ыкмасы катары конкурстук негизде жумушка кабыл алуу

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жумушка кабыл алууда конкурстук тандоо кадр саякатындагы коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жана дээрлик толугу менен жоюуга мүмкүндүк берген негизги инструмент болуп калганын билдирет. Бишкек шаардык калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын маалыматына ылайык, ачык-айкын конкурстук жол-жоболорду киргизүү талапкерлердин тандоого тең укуктуу катышуусун камсыздап, кадрларды тандоонун сапатын жогорулатууга […]

Далее..... Коррупцияга каршы күрөшүүнүн ыкмасы катары конкурстук негизде жумушка кабыл алуу

Эмгек министрлиги «Бала ырысы» жаңы жөлөкпулу кандай тартипте төлөнөрүн түшүндүрдү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги төрөлгөндөн тартып үч жашка чейинки балдарга арналган жаңы ай сайын берилүүчү «Бала ырысы» жөлөкпулун алуу тартибин түшүндүрдү. Жөлөкпулдун өлчөмү ар бир бала үчүн ай сайын 1200 сомду түзөт. Бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган жарандар үчүн жөлөкпул белгиленген райондук коэффициенттерди эске алуу менен төлөнөт. Ведомствонун маалыматына ылайык, […]

Далее..... Эмгек министрлиги «Бала ырысы» жаңы жөлөкпулу кандай тартипте төлөнөрүн түшүндүрдү

Министрлер Кабинети «Бала ырысы» ай сайын берилүүчү жөлөк пулун дайындоонун тартиби жөнүндө жобону бекитти

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев №421 «Ай сайын берилүүчү “Бала ырысы” жөлөкпулун дайындоонун тартиби жөнүндө» токтомго кол койду. Бул ченемдик-укуктук акт Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында кабыл алынып, эрте жаштагы балдардын өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, балдардын жакырчылыгынын деңгээлин төмөндөтүүгө жана үч жашка чейинки балдары бар […]

Далее..... Министрлер Кабинети «Бала ырысы» ай сайын берилүүчү жөлөк пулун дайындоонун тартиби жөнүндө жобону бекитти

Ийгиликтүү социалдык контракттын катышуучуларына пайызсыз кредит берүү программасы-3 бекитилди

    2024-жылдан тартып социалдык контракт механизмине катышкан жарандарга өздөрүнүн ишкердик демилгелерин андан ары өнүктүрүү максатында пайызсыз кредиттер бериле баштаган. Бул механизм быйыл үчүнчү жыл катары менен ишке ашырылып жатат. Пайызсыз кредит берүү программасынын максаты социалдык контракттын катышуучуларына мурда алынган каражаттар менен уюштурулган бизнести же көмөкчү чарбаны кеңейтүү, колдоо үчүн пайызсыз кредиттерди берүү болуп саналат. […]

Далее..... Ийгиликтүү социалдык контракттын катышуучуларына пайызсыз кредит берүү программасы-3 бекитилди

Россиядагы Эмгек министрлигинин Өкүлчүлүгү каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга көмөк көрсөттү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын жараны Х.А.нын багуучусунан ажырагандыгына байланыштуу төлөмдөрдү алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү боюнча тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Россиянын Социалдык фондунун Москва шаары жана Москва облусу боюнча бөлүмүнө расмий кайрылууларды жөнөткөн. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында 2026-жылдын 10-июнунда жаранга 2 200 000 (эки миллион эки жүз миң) рубль […]

Далее..... Россиядагы Эмгек министрлигинин Өкүлчүлүгү каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга көмөк көрсөттү

Эмгек орунунда ыдык көрсөтүү учурларында Эмгек инспекциясына кайрылуу керек

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эмгек чөйрөсүндө зомбулуктун жана ыдык көрсөтүүнүн алдын алуу механизмдерин киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүүдө. Долбоор Эл аралык эмгек уюмунун №190 Конвенциясын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүп, коопсуз жана татыктуу эмгек чөйрөсүн түзүүгө, ошондой эле жарандардын эмгек укуктарын коргоо механизмдерин өркүндөтүүгө багытталган. Министрликтин буйругуна ылайык, пилоттук долбоор 2026-жылдын […]

Далее..... Эмгек орунунда ыдык көрсөтүү учурларында Эмгек инспекциясына кайрылуу керек

Эмгек министрлиги: балдар эмгегин анын эң начар формаларында пайдаланууга катуу тыюу салынат

Кыргызстандагы ар бир бала  сапаттуу билим алууга жана коопсуз келечекке укуктуу. Бүгүн — Балдар эмгегине каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 18 жашка чейинки жарандардын эмгегин жөнгө салган эмгек мыйзамдарынын негизги ченемдери тууралуу маалымдайт. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык, жумушка кабыл алуунун эң төмөнкү курагы 16 жашты түзөт. […]

Далее..... Эмгек министрлиги: балдар эмгегин анын эң начар формаларында пайдаланууга катуу тыюу салынат

Жарандарды кабыл алуу

2026-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов жарандарды кабыл алды. Кабыл алуунун жүрүшүндө калкты социалдык жактан коргоо, жеке ассистент дайындоо, майыптуулук тобун өзгөртүү, улгайган жаранды карылар үйүнө жайгаштыруу, социалдык контрактты ишке ашыруу, мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо, ошондой эле балдарга төлөнүүчү ай сайынкы жөлөкпулдун токтотулушу боюнча кайрылуулар каралды. Ар […]

Далее..... Жарандарды кабыл алуу
Пайдалуу
Ссылкалар