Бишкекте мектеп окуучуларына жана жумушсуз жарандарга 6 миңден ашык бош орундар сунушталды
28-апрелде Бишкек шаарында бош орундардын жана кесиптердин жарманкеси болуп өттү. Мында бир аянтчага калаадагы IT, курулуш, тейлөө, мейманкана, ресторан, жеңил өнөр жай, өндүрүш, транспорт, медицина жана башка тармактарда иш жүргүзгөн 70тен ашык алдыңкы компаниялар чогулган. Ошондой эле 10 университет, 20 профилдик лицей жана окуу борборлору окутуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти. Мектеп окуучуларына, жаштарга жана жумуш […]




















