Социалдык контракттын мыкты долбоорлору кошумча насыя ала алышат
Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 100 миң сомдук сертификаттарды тапшыруу аземинде билдирди. «Министрлик «РСК Банк» жана «Айыл Банк» менен биргеликте «Социалдык контракт» долбоорунун катышуучуларына кошумча каржылоо моделин иштеп чыгууда. Бизнес-идеясын эң натыйжалуу ишке ашырган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр 200 миң сом өлчөмүндө кошумча насыя ала алышат», […]




















