Министрлик татыктуу карылыкты камсыз кылууга багытталган чараларды ишке ашырууда
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев БУУнун Кыргыз Республикасындагы калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) жаңы башчысы Бактыбек Кайназаров менен жолугушуу учурунда билдирди. “Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров тарабынан улгайган адамдардын муктаждыктарына өзгөчө көңүл бурулууда. Алсак, Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында бардык жарандардын бакубаттуулугун жакшыртууга багытталган программалар ишке […]




















