Президент Садыр Жапаров: Майыптуулугу бар балдардын арасында өнөрлүү, эрки күчтүү балдар арбын, биз алардын ден соолугуна кам көрүү аркылуу өзгөчө өнөрүн колдошубуз керек
“Майыптуулугу бар балдардын арасында өнөрлүү, эрки күчтүү балдар арбын. Биз алардын ден соолугуна кам көрүү аркылуу өзгөчө өнөрүн жана талантын колдошубуз керек”, – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн 29-декабрда, Бишкек шаарындагы “Келечек” балдардын жаңы реабилитациялык борборунун ачылыш аземинде белгиледи. Мамлекет башчысы өз сөзүндө мындай деп белгиледи: “Урматтуу шаарлыктар, кымбаттуу мекендештер! Бириккен Улуттар Уюмунун […]




















