Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин “Эмгек ордуна азык-түлүк” долбоорунун алкагында Алай районунда аз камсыз жана жумушсуздардын ичинен 1195 жаран акы төлөнүүчү жумуштарга тартылган.
Суу түтүктөрүн монтаждоо, габион торлорун, көпүрөлөрдү, суу сактагычтарды жана балык көлмөлөрүн куруу, жээктерди бекемдөө, жөө адамдар өтүүчү жолдорду асфальттоо, каналдарды казуу ж. б. жумуштары жасалды. Социалдык маанилүү иштерге катышкандыгы үчүн катышуучуларга 300 кг ун, 30 литр май жана 327 200 АКШ доллары таратылды. Мындан тышкары, көчүп келген памирлик кыргыздарды жумушка орноштуруу чараларынын алкагында 15 адам […]