Жылдыз Полотова Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесинин негизинде, Полотова Жылдыз Арстанбековна Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Жылдыз Полотованын  талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.  

Далее..... Жылдыз Полотова Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Гүлнара Баатырова Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Баатырова Гүлнара Маришовна башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.  

Далее..... Гүлнара Баатырова Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду

Курман Айт майрамына байланыштуу эс алуу күндөрү тууралуу

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалыматы боюнча, Курман Айт 16-июнь, жекшембиге туура келет. Буга байланыштуу Дүйшөмбү, 17-июнь эс алуу күнү болот.

Далее..... Курман Айт майрамына байланыштуу эс алуу күндөрү тууралуу

Эмгек министрлиги региондордо жаштар стажировкасын уюштуруу жана өтүү боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн окутууда

    6-7-июнь 2024-жылы КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Дүйнөлүк Банктын социалдык жардам программаларын жана эмгек рыногун бекемдөө долбоорунун колдоосу менен” облустук, райондук жана мамлекеттик администрациялардын, шаарлардын мэрияларынын, Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн региондордо жаштардын практикасын уюштуруу жөнүндө окутуучу семинарларды өткөрүштү. Семинарларга Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынын, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү катышышты. […]

Далее..... Эмгек министрлиги региондордо жаштар стажировкасын уюштуруу жана өтүү боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн окутууда

Эмгек министрлиги Россиядагы мигранттарга дээрлик 33 миллион рубль кечиктирилген эмгек акы жана компенсация алууга жардам берди

  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, ушул жылдын беш айында Министрликтин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү 357 кыргызстандыкка төлөнбөгөн эмгек акысын алууга көмөк көрсөткөн. Төлөмдөрдүн жалпы суммасы 30,5 миллион рублди түзгөн. Дагы беш кыргызстандыкка өкүлчүлүк өндүрүштүк жаракаттардан улам ден соолугуна келтирилген зыян үчүн 2,4 миллион рубль өндүрүп берүүгө жардам берди. Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо […]

Далее..... Эмгек министрлиги Россиядагы мигранттарга дээрлик 33 миллион рубль кечиктирилген эмгек акы жана компенсация алууга жардам берди

Эмгек министрлиги Улуу Британиянын визалык борборун Кыргызстандын аймагында ачууну сунуштады

  Бул тууралуу бүгүн, 6-июнунда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова менен Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда айтылды. Эмгек министри Министрликтин британ тарап менен ар кандай багыттар боюнча кызматташуусунун натыйжалуулугун белгиледи.“Бүгүнкү күндө Кыргызстандан Улуу Британияга сезондук жумушчулардын квотасы 8 миң адамга жетти. Программанын катышуучулары чакан ишканаларды ачуу аркылуу тапкан каражатын […]

Далее..... Эмгек министрлиги Улуу Британиянын визалык борборун Кыргызстандын аймагында ачууну сунуштады

Эмгек министрлиги жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн социалдык контрактты колдоо боюнча окутууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан өлкө боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн орун басарлары, шаардын вице-мэрлери жана акимдердин социалдык маселелер боюнча орун басарлары үчүн окуу уюштурулду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция боюнча орун басары Дарманкул уулу Бакыттын айтымында, социалдык контрактты ишке ашырууда министрликтин өнөктөшү катары жергиликтүү мамлекеттик администрациялар […]

Далее..... Эмгек министрлиги жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн социалдык контрактты колдоо боюнча окутууда

Эмгек министрлиги: Жумуш берүүчүлөр 1899 телефону аркылуу  бош жумуш орундары боюнча билдирүү калтыра алышат

  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги иш берүүчүлөрдү активдүү кызматташууга чакырат. Министрлик иш берүүчүлөргө керектүү кадрларды табууга жардам берүүгө даяр. Иш берүүчүлөр 1899 номери боюнча билдирүү калтырса болот,   https://zanyatost.kg / порталына онлайн режиминде билдирүү калтырса болот жана калкты иш менен камсыз кылуунун аймактык бөлүмдөрүнө кайрыла алышат. Министрликтен  билдиришкендей, алар зарыл болгон учурда жумушсуз жарандарды […]

Далее..... Эмгек министрлиги: Жумуш берүүчүлөр 1899 телефону аркылуу  бош жумуш орундары боюнча билдирүү калтыра алышат

Сауд Арабиясы Кыргызстанга 25 тонна курма тапшырды

  Сауд Арабиясынан Кыргызстанга 25 тонна курма өткөрүү аземи болуп өттү. Ага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция  министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова, Сауд Аравия Падышачылыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Ради Аль-Ради мырза, Король Салман колдоо жана гуманитардык жардам борборунун өкүлдөрү, Сауд Аравия Падышалыгынын Каржы министрлигинин өкүлү Салих Альабдуллах мырза катышты. […]

Далее..... Сауд Арабиясы Кыргызстанга 25 тонна курма тапшырды

Эмгек министрлиги: 77 361 аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясына жеңилдетилген тарифтер менен төлөшөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, 2022-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси менен ай сайын берилүүчү «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясына жеңилдетилген тариф түрүндө кошумча социалдык колдоо көрсөтүлүүдө. Айына 700 кВт / саатка чейин электр энергиясын керектөөдө тариф 50,0 тыйынды түзгөн, ал эми 2024-жылдын июнь айынан баштап 55,4 […]

Далее..... Эмгек министрлиги: 77 361 аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясына жеңилдетилген тарифтер менен төлөшөт
Пайдалуу
Ссылкалар