Кыргызстан менен Россия эмгек мигранттарын медициналык камсыздандыруу маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 26-майында Москва шаарында Кыргыз Республикасынын делегациясы — Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К. Сагынбаев, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Д.А. Осмонов, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары А.К. Имангазиев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы А.К. Муканов Россия Федерациясынын саламаттык сактоо министри М.А. […]

Далее..... Кыргызстан менен Россия эмгек мигранттарын медициналык камсыздандыруу маселелерин талкуулашты

Пекиндеги форумда Кыргызстандын социалдык коргоо жана жакырчылыкты кыскартуу жаатындагы тажрыйбасы талкууланды

КР эмгек министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов 2026-жылдын 26–28-май күндөрү Пекин шаарында өтүп жаткан Жакырчылыкты кыскартуу жана өнүгүү боюнча Глобалдык форумга катышууда. Форум жакырчылыкты кыскартуу, айылдык аймактарды өнүктүрүү, социалдык колдоону санариптештирүү жана социалдык чөйрөдө эл аралык кызматташтыкты бекемдөө маселелерине арналган. «Инклюзивдүү социалдык коргоо жана жакырчылыкты кыскартуу: Кыргыз Республикасынын тажрыйбасы» аттуу сессияда сөз сүйлөгөн Камчыбек […]

Далее..... Пекиндеги форумда Кыргызстандын социалдык коргоо жана жакырчылыкты кыскартуу жаатындагы тажрыйбасы талкууланды

Канат Сагынбаев Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаевдин Москва шаары жана Москва облусундагы диаспоралык уюмдардын жана мекендештердин коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү менен жолугушуусу өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Россияда жүргөн Кыргызстандын жарандарына тиешелүү актуалдуу маселелер талкууланды. Алардын катарында Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россиядагы убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартуу, РФдагы кыргызстандыктардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн милдеттүү […]

Далее..... Канат Сагынбаев Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту

Эмгек министри Москванын көп функционалдуу миграциялык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты

2026-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К. Сагынбаев Москва шаарынын «Көп функционалдуу миграциялык борбору» мамлекеттик бюджеттик мекемесинин башкы директору А. Игантов, ошондой эле Москва шаарынын Экономикалык саясат жана өнүктүрүү департаментинин Миграциялык саясат башкармалыгынын башчысы Е. Кугаков менен жолугушту. Тараптар Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан милдеттүү манжа изин каттоо, сүрөткө тартуу жана медициналык […]

Далее..... Эмгек министри Москванын көп функционалдуу миграциялык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Эмгек министри К. Сагынбаев Москвада Кыргызстандын жарандары менен жолугушуу өткөрдү

Россия Федерациясына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К. Сагынбаев 2026-жылдын 25-майында Москва шаарындагы Эмгек министрлигинин Өкүлчүлүгүндө Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын жарандары Россиядагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартуу, эмгектенген жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүн миграциялык каттоого коюу, жашы жете элек балдарды Москва шаарындагы жалпы […]

Далее..... Эмгек министри К. Сагынбаев Москвада Кыргызстандын жарандары менен жолугушуу өткөрдү

Эмгек министринин орун басары Аида Исатбек кызы АӨБ өкүлдөрү менен гендердик зомбулук маселесин талкуулады

  2026-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен таанышуу жолугушуусун өткөрдү. Жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасы боюнча Борбордук жана Батыш Азия өлкөлөрүндө гендердик зомбулукка каршы аракеттенүү механизмдерин чыңдоого багытталган АӨБдүн Аймактык техникалык жардам долбоорунун расмий ачылышы болду. Аталган аймактык техникалык жардамдын негизги максаты […]

Далее..... Эмгек министринин орун басары Аида Исатбек кызы АӨБ өкүлдөрү менен гендердик зомбулук маселесин талкуулады

Бишкекте мыйзамдуу жана коопсуз миграция маселелери боюнча борбор ачылды

2026-жылдын 22-майында Бишкек шаарында Европа Биримдигинин колдоосу менен Эл аралык миграциялык саясатты өнүктүрүү борбору (ICMPD) тарабынан ишке ашырылып жаткан «PROTECT» долбоорунун алкагында түзүлгөн экинчи Мигранттар үчүн ресурстук борбордун (МРБ) ачылышы болду. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору демилгени Кыргыз Республикасында ишке ашырууда өнөктөш болуп саналат. Бишкек […]

Далее..... Бишкекте мыйзамдуу жана коопсуз миграция маселелери боюнча борбор ачылды

Улгайган жарандын карылар үйүнөн чыгарылышы боюнча министрлик түшүндурмө берди

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги активист Руслан Шеринбековдун Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн эл менен жолугушуусунда айткан Нижне-Серафимовкадагы стационардык мекемеде кызмат алып жаткан карылар белгисиз себептер менен чыгарылып жатат деген маалыматы чындыкка дал келбестигин билдирет. Аталган жаран И.С. боюнча министрлик төмөнкүлөрдү маалымдайт: Жаран И.С., 1961-жылы туулган, 2024–2026-жылдары Нижне-Серафимовкадагы карылар […]

Далее..... Улгайган жарандын карылар үйүнөн чыгарылышы боюнча министрлик түшүндурмө берди

Кыргызстан менен Корея экономикалык жана эмгек жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты

2026-жылдын 21–22-май күндөрү Сеул шаарында (Корея) Кыргыз-Корея өкмөттөр аралык экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын 7-жыйыны өтүүдө. Жыйын Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы алдында өтүп жатат. Жыйында эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалы, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттары талкууланды. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана […]

Далее..... Кыргызстан менен Корея экономикалык жана эмгек жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты

Эмгек министрлигинде кыргыз-поляк миграция тармагындагы кызматташтык маселелери боюнча жолугушуу өттү

2026-жылдын 21-майында Министрликте Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары М. Байгончоков менен Польша Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары В. Зайончковскийдин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар миграция тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган актуалдуу багыттар жана маселелер боюнча пикир алмашышты. […]

Далее..... Эмгек министрлигинде кыргыз-поляк миграция тармагындагы кызматташтык маселелери боюнча жолугушуу өттү
Пайдалуу
Ссылкалар