Дайыма бирөөнүн көзөмөлүнө муктаж болгон 6460 майыптыгы бар балага 6387 жеке ассистент социалдык кызматтарды көрсөтүп жатат
Бүгүнкү күндө дайыма бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон 6460 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балага 6387 жеке ассистент социалдык кызматтарды көрсөтүп жаткандыгын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги маалымдайт. Баланын үй-бүлөнүн курчоосунда болуу укугун камсыз кылууга жана өз алдынча кыймылдай албаган, майыптуулуктун оор формасындагы балдардын ата-энелерине колдоо көрсөтүү максатында жеке ассистенттин жаӊы кызматы Кыргызстанда 2019-жылдын 1-январынан […]




















