Министрликте өткөрүлгөн “Балдар бийликте” акциясынын алкагында, убактылуу министрдин милдетин аткарган Тилеген Рахатбеков Улукбек Кочкоровго бир нече тапшырма берди.
18-ноябрда, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Балдардын укуктары жөнүндөгү конвенциянын кабыл алынганынын 30 жылдыгына карата уюштурулган «Балдар бийликте» аттуу акция уюштурду. Аталган акциянын алкагында министр Улугбек Кочкоров көрүүсү жана угуусунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын мектебинде окуган Тилеген Рахатбековго ордун убактылуу бошотуп берди. Өзү болсо анын маңдайына отуруп, эки тилде (кыргыз, орус) баарлашып, колуна ручка, блокнот алып, тердеп Тилегенден […]




















