Эмгек министрлиги жеке ишке орноштуруу агенттиктерине көзөмөлдү күчөтүү боюнча чараларды сунуштады
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Solidarity Center» борборунун колдоосу менен «Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобонун жаңы долбоорун талкуулоого арналган талкуу аянтчасын өткөрдү. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Талиева Камила Абдыразаковна, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт, тышкы […]