Эмгек министрлиги: жеке ишке орноштуруу агенттиктери 17 миңден ашуун жаранды чет өлкөлөргө ишке жайгаштырды
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун маалыматына ылайык, отчеттук мезгилде кыргызстандыктарды чет өлкөлөргө ишке орноштурууга уруксат берүү үчүн документтерди кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын 10 жыйыны өткөрүлдү. Жалпы 143 уруксат берилди, 206 арыз келип түшүп, 19 арыз ээсине баш тартуу чечими чыгарылды, 51 арыз кароодо турат (анын ичинен […]













