«Майыптыгы бар аялдар менен кыздардын зомбулуксуз жашоого болгон укугу: чакырыктар менен мүмкүнчүлүктөр» пресс-кафеси
2025-жылдын 2-декабрында Бишкекте зомбулукка кабылган майыптыгы бар аялдар менен кыздарды коргоого арналган пресс-кафе өткөрүлдү. Иш-чара Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүн утурлап уюштурулган жана “Аялдар менен кыздарга карата зомбулукка каршы 16 күндүк жигердүү иш-аракет” глобалдык кампаниясынын алкагында уюштурулду. Майыптыгы бар аялдар, мамлекеттик органдардын, ЖМКнын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү бир аянтчага чогулушту. […]













