Министр Канат Сагынбаев жана Дүйнөлүк банктын кеңсе жетекчиси Хью Риддел социалдык коргоо жаатындагы биргелешкен долбоорлорду мындан ары ишке ашырууну талкуулашты
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министр К.Л. Сагынбаев менен Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Хью Ридделдин жолугушуусу болуп өттү.Жолугушууда тараптар социалдык коргоо, калкты жумуш менен камсыз кылуу жана адамдык капиталды өнүктүрүү тармагындагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана андан аркы багыттарын талкуулашты. Министр Канат Сагынбаев белгилегендей, Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасындагы социалдык колдоо системасын жакшыртуу жана эмгек […]













