«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2025 – жылдын апрель айынын иши тууралуу маалымат
«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2025 – жылдын 1апрелинен 1 – майына чейин 6027 телефондон кайрылуу (бир суткада 200 чалуу) түшкөн. 254 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 99 же 39,0 % жаш балдар, ал эми 155 же 61,0% чоң кишилер), анын ичинен 198 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, […]




















