Кыргыз Республикасы менен Япония эмгек миграциясы жаатындагы кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты
2025-жылдын 17-апрелинде Токио шаарында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Сабиров Р.А. менен Япониянын Саламаттыкты сактоо, эмгек жана жыргалчылык министри Ники Хиробуми мырзанын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда тараптар белгилүү көндүмдөргө ээ чет элдик жумушчуларды тартуу программасынын (SSW) учурдагы ишке ашырылышын талкуулап, уюшкан эмгек миграциясынын туруктуу каналдарын түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Кыргыз тарап Япониянын […]




















