Гүлнара Баатырова Жалал- Абад балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде болду
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде болду. Гүлнара Баатырова социалдык стационардык мекеменин имаратын кыдырып, кызмат алуучулардын жашоо-шарты, тамак-ашы, окуусу менен таанышып, балдар дагы чыгармачылык таланттарын, тарткан сүрөттөрүн көрсөтүштү. Министр ошондой эле эмгек жамааты менен баарлашып, алардын эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди. Кызмат […]