Кыргызстандын Эмгек министри менен Бириккен Араб Эмираттарынын министринин орун басары кыргызстандыктарды ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Адам ресурстарын өнүктүрүү министринин орун басары Ахмад Юсуф Аль Насер менен жолугушуп, эмгек миграциясы жана ишке орноштуруу жаатында эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулады. Жолугушуунун жүрүшүндө министр Сабиров эки өлкө үчүн маанилүү маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен БАЭнин ортосундагы […]













