55 миңден ашуун аз камсыз болгон үй-бүлө электр энергиясын жеңилдетилген тариф менен төлөйт
Кыргызстанда 55 миң 494 аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясына жеңилдетилген тарифтер менен төлөшөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет. Белгилей кетсек, 2022-жылдан тарта президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен ай сайын берилүүчү «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясына жеңилдетилген тариф түрүндө кошумча социалдык колдоо көрсөтүлүүдө. Маалыматка ылайык, айына […]




















