Ош шаарында 95 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды – Эмгек министрлиги

Бүгүн, 16-августта, Ош шаарында Социалдык контракт программасынын алкагында 100 миң сомдук сертификаттарды тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Иш-чарага Эмгек министрлигинин башчысы Жылдыз Полотова жана Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров катышты. «Социалдык контракт программасы ишке ашырылып жаткан мезгилде өлкө боюнча 21 миңден ашык жакыр жана аз […]

Далее..... Ош шаарында 95 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды – Эмгек министрлиги

Ош жана Жалал-Абад облусунун тургундары Эмгек министрине өздөрүнүн көйгөйлөрү тууралуу айтып беришти

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Ош жана Жалал-Абад облусунун майыптуулугу бар тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Министрдин айтымында, Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин Ош шаарындагы филиалы Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуу менен алектенет. “Жыл башынан бери […]

Далее..... Ош жана Жалал-Абад облусунун тургундары Эмгек министрине өздөрүнүн көйгөйлөрү тууралуу айтып беришти

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2024 – жылдын 7 айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2024 – жылдын 7 айында 36290 телефондон кайрылуу (бир суткада 170, бир айда 5184 чалуу) түшкөн. 1204 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 293 же 24,3% жаш балдар, ал эми 911 же 75,7% чоң кишилер), анын ичинен 922 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 138 […]

Далее..... «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2024 – жылдын 7 айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2024 – жылдын июль айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2024 – жылдын 1- июлунан 1-августуна  чейин 4072 телефондон кайрылуу (бир суткада 131 чалуу) түшкөн. 131 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 34 же 26,0% жаш балдар, ал эми 97 же 74,0% чоң кишилер), анын ичинен 93 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 19 абонентке […]

Далее..... «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2024 – жылдын июль айынын иши тууралуу маалымат

Эмгек министринин орун басары Кыял Жанузакова аялдардын лидерлигин бекемдөө боюнча милдеттер тууралуу айтып берди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова “Кыргызстанда аялдардын саясий катышуусун жана лидерлигин кантип күчөтүү керек?” темасында тегерек столуна катышты.  Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттары, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү, аялдар кеңешинин жетекчилери, жарандык активисттер жана эксперттер чогулуп, […]

Далее..... Эмгек министринин орун басары Кыял Жанузакова аялдардын лидерлигин бекемдөө боюнча милдеттер тууралуу айтып берди

№190 Конвенцияны ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын натыйжалуу ишке ашыруу, жумуш ордунда куугунтуктоону алдын алат

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова №190 Конвенциясы боюнча Иш-чаралар планын талкуулоо жана ишке ашыруу боюнча координациялык жолугушууда билдирди. Министрдин айтымында, үстүбүздөгү жылдын февраль айында КР Президенти С.Н.Жапаров кол койгон №190 Конвенциясын ратификациялоо жөнүндө Мыйзам эмгек мамилелери чөйрөсүндөгү зомбулукту жана куугунтуктоону азайтууга багытталган. “КМШда Кыргыз Республикасы 190 Конвенциясын ратификациялаган биринчи өлкөлөрдүн […]

Далее..... №190 Конвенцияны ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын натыйжалуу ишке ашыруу, жумуш ордунда куугунтуктоону алдын алат

Эмгек министри Жылдыз Полотова: Майып адамдардын социалдашуусу актуалдуу бойдон калууда

Бүгүн, 13-августта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча Конвенциясы боюнча улуттук милдеттенмелерди жүзөгө ашырууга жооптуу мамлекеттик түзүмдөргө жана ушул процесстерге катышкан майыптыгы бар адамдардын уюмдарына багытталган иш-чарага катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. “Акыркы 5 жылдын ичинде мамлекет тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жеткиликтүүлүгүнө жана ыңгайлашуусуна […]

Далее..... Эмгек министри Жылдыз Полотова: Майып адамдардын социалдашуусу актуалдуу бойдон калууда

Эмгек министри Жылдыз Полотовага Ысык-Көл облусунда бизнес үчүн кирешелүү багыттар көрсөтүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Ысык-Көл облусунун социалдык контракт алуучуларына барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. “2022-жылдан баштап Ысык-Көл облусунун 1970 жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрү мамлекеттин колдоосу менен өз бизнесин ачышты. Мисалы, Ананьево айылында Назира Чойбекова жана Салтанат Мусаходжоева өздөрүнүн кафелерин ачып, түрдүү кондитердик азыктарды, кофе, балмуздак сатып, […]

Далее..... Эмгек министри Жылдыз Полотовага Ысык-Көл облусунда бизнес үчүн кирешелүү багыттар көрсөтүлдү

“Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитинин Жобосу бекитилди

Кыргыз Республикасынын Президенти кабыл алган 2024-жылы “Келечекке салым” мамлекеттик балдар салымын киргизүү жөнүндө Жарлыктын негизинде “Айыл Банк”ачык акционердик коомунда жетим балдар үчүн аманаттарды ачуу каралган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Бала 18 жашка чыкканда, депозитте 500 000 (беш жүз миң) сомдон кем эмес өлчөмдө топтолгон каражаттар анын тандоосу […]

Далее..... “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитинин Жобосу бекитилди

Эмгек министрлиги: Катталган жумушсуздардын саны жарым жылда 17 миң адамга азайды

Ишке орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 17 620 адамга азайган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Учурда республика боюнча 81 453 жумушсуз жаран министрликте каттоодо турат. Жумушка орноштурууга кызматтарынын негизги милдеттеринин бири-жумушка орношууга көмөк көрсөтүү. Жыл башынан бери 6,3 миңден ашуун адам ишке орношуп, акы төлөнүүчү […]

Далее..... Эмгек министрлиги: Катталган жумушсуздардын саны жарым жылда 17 миң адамга азайды
Пайдалуу
Ссылкалар