Эмгек министрлиги муктаж болгон жарандарга жардам көрсөтүү үчүн 810 тонна ун 120 тонна май алды
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу Россия Федерациясы тарабынан берилген 810 тонна байытылган ун жана 120 тонна өсүмдүк майын алды. БУУ ДАП колдогон долбоорлорго катышкан 27 миң үй-бүлөгө буудай уну берилет. Жардам “эмгек ордуна азык-түлүк” долбоорунун катышуучуларына берилет, ошондой эле башталгыч класстардын окуучулары үчүн акысыз түшкү тамак […]